Кара карлыгач
Карлыгач Испаниянын, Барселона шаарында
Коргоо абалы
Илимий классификация
дүйнөсү: Жаныбарлар
тиби: Хордалуулар
классы: Канаттуулар
түркүмү: Карлыгачтар сымалдуулар
тукуму: Карлыгачтар
түрү: A. apus
Биноминалдык аталышы
Apus apus
(Linnaeus, 1758)
Кара карлыгачтын таралыш аймактары
Apus apus.

Кара карлыгач (лат. Apus apus) – карлыгачтар тукумуна кирген чоң эмес чымчык.

Жалпы мүнөздөмөсү түзөтүү

Кара карлыгачтын узундугу 18 см, канаттарынын чабыты - 40 см, канатынын узундугу - 17 см, куйругунун узундугу - 8 см. Куйругу айры, өңү кара-күрөң болуп жашгылт тартып турат. Богогу менен моюну ак темгил; көздөрү кара-күрөң, тумшугу кара, буттары ачык-күрөң. Ургаачысы менен эркеги өңү боюнча айырмаланышпайт. Балапандарынын өңү ачыгыраак келет да, чалгындарынын учу киргилт-ак жээктүү болот.

Таралышы түзөтүү

Ортоңку Европада, Түндүк жана Орто Азияда таралган. Оруссияда батыш чекарасынан тартып чыгышында Байкалга чейин. Африкадажана түштүк Индияда кышташат.

Чымчыктар арасындагы рекордтору түзөтүү

Кара карлыгач эң ылдам сызып учкан канаттуу, анын ылдамдыгы - 120-180 км/с чейин жетет.[2].

Карлыгачты тамакка колдонуу түзөтүү

XIX к. аягында эле Түштүк Европада кара карлыгачтын балапандарынын эти "абдан даамдуу" деп эсептелип, алардын уялары массалык түрдө бузулуучу. [3].

Шилтемелер түзөтүү

  1. Apus apus. IUCN Red List of Threatened Species. Version 2012.1. International Union for Conservation of Nature (2012). Текшерилген күнү 5 -июль (теке) 2012.
  2. The Common Swift: Records and Phenomena
  3. Калып:Адабият

Ссылки түзөтүү

Калып:Bio-stub