Атала – акшак, ун, талкан, жүгөрү, куруттан кайнатылып жасалган жарма. Акшактан жасалган аталаны жарма атала, ундан же талкандан жасалганын жылма атала, жүгөрдүөн жасалганын «мака атала», кант кошулганын кече атала, кант кошулганын кече атала, куруттан жасалганын курут атала деп аташат.

Аталаны мурда көбүнчө жардылар негизги тамак-аш катары колдонушкан; 2) арпа, буудай, сулунун адырасына чары, кебегин кошуп кайнатып даярдалган малдын бардык түрү, өзгөчө жаш төл ж-а бордолуп жаткан мал үчүн кубаттуу, жагымдуу тоют. Азыркы күндө да көп жерде кышкы төлгө, бордогу малга атала беришет.

Курут атала Түштүк Кыргызстандын Кадамжай,Ноокат райондорунда, Кызыл-Кыя шаарынын тегерегинде жана Фергана облусунда жашаган кыргыздарда кеңири жайылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1

Интернеттеги шилтеме түзөтүү