Аткаруучу – 1) КР кылмыш-жаза мыйзамы боюнча түздөн-түз кылмыш жасаган башка адамдар менен бирге кылмыш жасоого катышкан адам, ошондой эле мыйзам боюнча кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылбай турган башка адамдарды пайдалануу менен кылмыш жасаган адам. Кылмыштын катышуучусунун бири болуп эсептелет;
2) КР Жарандык кодекси боюнча тапшырыкчынын тапшырмасында шартталган белгилүү иш-аракетти жүргүзүүгө келишим боюнча милдеттенген адам;
3) керектөөчүнүн укуктарын коргоо жөнүндө КР мыйзамынын аныктамасы боюнча менчигинин түрүнө карабастан түзүлгөн уюм, ошондой эле акысыз келишим боюнча иш аткаруучу же керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүүчү жеке ишкер;
4) автордук жана аралаш укуктар жөнүндө КР мыйзамына ылайык – роль аткаруучу, ырдоочу, музыка аспаптарында же башка түрдө адабият жана искусство чыгармаларын аткаруучу (а. и. эстрадалык, цирк же куурчак номерлерин) артист, ырчы, музыкачы, бийчи же башка жактар, ошондой эле оюн коюучу режиссер менен дирижер.

Колдонулган адабияттар түзөтүү