Атлантика босогосу - Атлантика океанынын түбүнөн көтөрүлгөн жер.

Ал Шетленд, Ферер, Исландия жана Гренландия аралдарынын ортосунда. Бул жерде океандын тереңдиги 600 м. Атлантика босогосу Түндүк Муз океаны менен Атлантика океандарынын тереңдикте суу алмашууларына тоскоолдук кылат. Түндүк Атлантика туздуу жана жылуу агымдары Атлантика босогосуаркылуу Норвегия деңизине өтөт.

Дания кысыгынан Түндүк Муз океанынын тузсуз муздак суусу Атлантика океанына келип турат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.