Уэдделл деңизи (Weddell Sea) - Туштүк океандын атлантика секторундагы четки деңиз, Батыш Антарктиданын жээгинде.

Уэдделл деңизи (2011).
Уэдделл деңизи
Small Tabular Icebergs (26376305448).jpg

Аянты 2910 мин км2, эн терең жери 6820 м. Жылдын көп мезгилинде калкыма муздар менен капталат; айсбергдер көп. Жээктеринде шельф мөңгүлөрү бар. Кит, түлөндөр кездешет. 1986-ж. немец окумуштуулары тарабынан Уэдделл деңизинин суусунда орточо тунуктуулуктун макеималдык көрсөткүчү (79 м) белгиленген. Ал дистирленген суунун тунуктуулугуна (80 м) дал келет. Деңизди 1823-ж. Ж. Уэдделл жетектеген англиялык экспедиция ачып, Георг IV деңизи деп атаган; денизге 1900-ж. Уэдделлдин ысмы берилген.

Колдонулган адабияттарОңдоо

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4