Оюндун шарттары түзөтүү

Оюнчулардын саны 3—5 киши.
Оюн аянтчада, ипподромдо, жайытта өткөрүлөт.

Оюнга даярдануу түзөтүү

Оюнчулар аттарына минишип, бир биринин маңдайына турушуп, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны түзөтүү

Оюнчулар түртүшүп, тартышып, жулкунушуп бир биринин аттарынан оодарышууга, түшүрүүгө же болбосо атта отургандын тең салмагынан чыгарууга, жоготууга аракеттенишет. Атаандаштарын аттан тең салмактарынан чыгаргандан кийин, оюнчулар атаандаштары менен алмашышып оюнду улантышат. Ошентип атаандаштарын көп жолу тең салмактарынан чыгарган оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот. Оюн, оюнчулар каалашкан убакытка чейин уланышы мүмкүн. Көп жолу атаандаштарын, тең салмактарынан чыгарышкан оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун башка түрү түзөтүү

  • Эшектен оодарышуу,
  • төөдөн оодарышуу,
  • качырдан оодарышуу,
  • топостон оодарышуу,
  • эшек жыгачтан оодарышуу,
  • өгүздөн оодарышуу.

Оюндун эрежеси түзөтүү

Бир бирин муштоого, тепкенге, атаандаштарынын аттарын камчылоого, үркүткөнү, тоскоолдук кылганы болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө түзөтүү

Оюнга ат минүүнүн ыкмаларын жакшы билген оюнчулар катышса болот.

Оюндун педагогикалык мааниси түзөтүү

Оюнда күч, шамдагайлыкка тарбияланат, чечкиндүүлүккө, ат минүүнүн, башкаруунун ыкмаларын үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү