Атырау облусу (мурдагы Гурьев облусу) ― Казакстан Республикасынын түндүк-батышында. 1938-жылы 15-январда түзүлгөн.

Казакстан Атырау облусу
каз. Atyraw oblysy
Атырау облысы
Атырау облусу.

Негизги маалымат түзөтүү

Аянты 112,0 миң км2. Калкы 453,2 миң (1997). Атырау облусунун курамында 7 административдик район, 1 шаар, 15 шаарча бар. Борбору Атырау шаары. Каспий бою ойдуңунда жайгашкан; түндүгүнөн Каспий деңизи менен чулганат. Климаты кескин континенттик. Январдын орточо температурасы -3,5°...-5°Сге чейин, июлдуку 24°25°С. Шамал дээрлик тынымсыз согуп турат (орточо ылдамдыгы 6-7 м/сек). Жылдык жаан-чачыны 150-200 мм. Башкы дарыялары: Урал жана Эмба. Ири көлдөрү: Индер, Жамансор, Айгыр-Көл жана башка Туздуу көлдөр да кездешет. Күрөң, шортоң жана шор топурактуу. Дан өсүмдүк-шыбактуу жарым чөл жана шыбак-баялыштуу чөл ландшафты мүнөздүү. Негизги өнөр жай тармактары: мунай, химия, балык. Облустун аймагынан мунай жана газдын ири кени табылган. Индер көлүндө калий тузунун мол запасы бар. Айыл чарбасынын негизги тармагы - кой чарбасы; ошондой эле уй, жылкы, төө асыралат. Тоют жана жашылча-бакча өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Атырау - Орск, Атырау - Уральск, Атырау - Шевченко нефть куурлары бар. Каспий деңизинде мезгил-мезгили менен кеме жүрөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1