Афлатун (авлетим) эстеликтери

Афлатун (авлетим) эстеликтери – биздин заманга чейинки 6-кылым – биздин замандын 12-кылымына таандык кыштак, шаар калдыгы, байыркы көрүстөндөр, ар кандай өлчөмдөгү коргондор менен курчалган археологиялык эстеликтер тобу. Бул эстеликтер Жалал-Абад облусундагы Аксы аймагынын Авлетим кыштагынан табылган. Соңку кездеги айыл чарба жана курулуш иштеринин натыйжасында көп бөлүгү бузулуп калган Афлатун эстеликтерин алгач А. Н. Бернштам (1947), кийин А. Кибиров (1950) изилдешкен.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1