Авлетим

Аксы районундагы айыл

Авлетим (мурдагы аталышы Афлатун) — Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы айыл. Авлетим айыл аймагынын курамына кирет жана акимий борбору. Итагар суусунун боюнда, Бозбу-тоонун түндүк-чыгыш этегинде, деңиз деңгээлинен 1110 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кербен шаарынан 24 км түндүк-чыгыш тарапта. Шамалды-Сай темир жол бекетинен 90 км.

айыл
Авлетим
Авлетим суусунун боюндагы Бүркүт айкели
Өлкө

Кыргызстан

Облус

Жалал-Абад облусу

Таблицадагы облус

Жалал-Абад облусу

Таблицадагы район

Аксы району

Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү

1922

Мурунку аталышы

Афлатун

Бийиктиктиги

1110

Калкы
Расмий тили

Кыргыз тили

Калкынын саны

2 122 (2009)

Жыштыгы

адам/км2

Диний курамы

Ислам

Сандык идентификаторлор
Убакыт аралыгы

+6

Почта индекси

720601

Автоунаа коду

04, D

ААББТ коду — 41703 211 808 01 0[1].

Аталышы түзөтүү

Айылдын аталышы Авлетим (мурда:Афлатун) эки аталышы тең кыргыз тилинде эч нерсени түшүнбөйт. Бирок элдик ишеним уламыштарда, аталышы туурасында бир канча ой-пикирлер, жана варианттар айтылат. Анын белгилүү бир уламышы: Бул өрөөнүндө жашаган хан, илимге жашынан кызыгып, ошол мезгилде болгон илимдердин көп түрлөрүн үйрөнүп, фалсафага (философияга) өзгөчө кызыгат. Көп тилдерди үйрөнүп, рим, хинди, араб, фарс тилдеринде сүйлөй билип, Илим хан деген атка конот. Илим хан уулдуу болуп, уулум Афлатундай (Платондой) даанышман болсун деген тилек менен атын Афлатун коет. Аны атасы мамлекеттин жогорку даражалуу агартуучу, вазир, лашкер башчыларынын колуна тапшырып, тарбиялатат. Эр жеткенде атасынын ордуна тактыга отуруп хандык бийлигин жүргүзөт. Ошондон улам бул жер Афлатун хандын ысымын алган дешет. Дагы бир вариантында Авлетимди байыркы грек даанышманы, философ Платондун ысымы менен байланыштырышат. Чыгышта Платон – Афлатун, Аристотель – Аристарх, Александр Македонский – Искендер Зулкарнайн же аль- Искендер деген аттар менен белгилүү. Б.з.ч. IV кылымда жашап өткөн улуу кол башчы македониялык Александр Египет (Мисир), Вавилон мамлекеттерин, Кичи Азия өлкөлөрүн баш ийдирип, Орто Азияга чейин жеткенин тарых тастыктайт. Искендер Зулкарнайндын ошол Орто Азияга болгон жортуулдарынын биринде азыркы Авлетим айылы жайгашкан аймакка туш болуп, айлана-тегерегине көз чаптырып, мындай кооз жерди эч жерден жолуктурбаганын айтып, асман тиреген тоолордун чокуларын тиктеп туруп, «бул жер мындан ары Платон деп аталсын» дептир. Жердин аты жергиликтүү элдин тилине ылайыкташып отуруп, Платун, Аплатун, Афлатун болуп өзгөрүп айтылып калган дешет. Ал эми окумуштуу-тарыхчы, профессор Т. Кененсариевдин пикиринде «Афлатун» деген сөз грек даанышманы Платон менен да, македониялык император Александр менен да эч кандай байланышы жок. Биринчиден, А. Македонский б.э.ч. 330-жылы Орто Азияга басып кирип, 329-жылы жайында Танаис (азыркы Сырдарыянын ошол кездеги грекче аты) же Яксарт (аз. Сырдарыянын ошол кездеги персче аты) дарыясынын сол жээгине, азыркы Хожент шаарынын жака белине 17-20 күндүн ичинде тышкы дубалы 9-11 км. болгон Александрия-Эсхата (Четки Александрия) деген шаар сепил курдурган[2]. Күзгө маал Сырдарыянын оң жээгине топтолгон сактарды талкалоо үчүн дарыядан өткөн да, айыгышкан кармаш менен болгону 15 км. аралыкка чейин гана чабуул кое алган. Аз жерден таптакыр талкаланып калуу коркунучунан кайра дарыянын сол жээгине өтө качып кутулган. А. Македонский Сырдарыянын түндүк тарабын ээлеген сактарга карай экинчи чабуул койгон эмес. Ал 329-28-жылдын кыш мезгилинде Бактрияда туруп, анан 328-27-жылдары Спитамендин Мавереннахрдагы көтөрүлүшүн басуу менен алек болгон. Тарыхый маалыматтарда 327-жылы А. Македонский Орто Азиядан чыгып кеткен. Демек, кол башчынын же анын аскерлеринин Чаткал тоо кыркаларынын чыгыш тарабында жайгашкан Авлетим өрөөнүнө келиши мүмкүн эмес. Экинчиден, А. Македонский б.э.ч. 343-жылдан баштап грек окумуштуусу Аристотелдин (б.з.ч. 384-322-жж) окуучусу катары таанылган. Ал эми грек философу Платон б.э.ч. 427-348-жылдары жашап, б.э.ч. 356-ж Пеллада (Македонияда) туулган Александарды таптакыр көргөн да, билген да эмес. Демек, Македонский азыркы Авлетим өрөөнүнө келген күндө да Платондун атын бул жерге коймок эмес. Анын үстүнө тарыхта Александр кайсы бир жердин мурунтан келген аталышын өзгөртүп, грекче ат коюу мисалдары учурабайт. Болгону ал шаар сепилдерди гана курдуруп, аларга өз атын берген мисалдар бар (Египеттеги Александрия, Кавказдагы Александрия, Маргианадагы Александрия, Четки Александрия ж.б.). Т. Кененсариевдин пикири боюнча Афлатун деген ат трансформацияланган орто кылымдагы түрк жана перс сөздөрүнүн курандысынан жаралган топоним. Байыркы иран тилдеринде сууну, өзөндү жалпысынан «тун» деп аташкан (мисалы: Дон, Дунай, Днепр, Днестр ж.б.лардын түпкү теги өзөн). Биздин замандын X-XII кылымдарында гүлдөө доорун өтөгөн карахандар мамлекетинин курамына азыркы Аксы чөлкөмү да кирип, анда Аксыкент, Ранжит аттуу шаарлар болгондугу маалым. Мамлекетте жер ээлөө үч түргө бөлүнүп (мүлк, амляк, вакф) чиновниктер айрым бир кооз жерлерде «овлод» (корук) уюштурушкан. Демек, кооз өрөөн алгач «Овлотун» (корук өрөөн), кийин кыргыз тилине ылайык «Авлетим» деп аталып калышы тарыхый чындыкка туура келет деп жыйынтыктайт проф. Т. Кененсариев[3].

Тарыхы түзөтүү

1922-ж. отурук

Инфратүзүмү жана экономикасы түзөтүү

Калк негизинен дыйканчылыкта, мал чарбасында, токойчулукта эмгектенет, жай мезгилинде тургундар дан куурай (кожагат) терип сатуу менен күз мезгилде жаңгак терип сатуу менен киреше табышат. Айылда "Улуттук даам — Аксы бешбармагы" азык-түлүк маркасынын филиалы ишин жүргүзөт. Орто мектеп, оорукана, китепкана, 2 мончо, 4 тегирмен, май чыгаруучу цех, токой чарбасынын кеңсеси, жыгаччылык цехи, 2 ашкана, базар бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.

Калкы түзөтүү

жылы 2009 [4] 2014[5] 2015 2020 2021[6]
адам. 2122 2596 2063 2697 2732

Белгилүү инсандары түзөтүү

  • Нүзүп бий Эсенбай уулу (1794-1844) — XIX кылымдагы, кокон хандыгындагы мамлекеттик ишмер, аскер башчы, миңбашы, саясатчы.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
  • Ж. Алымбаев. Нүзүп бий. Бишкек: «Шам»- 2000. 35-б

Булактар түзөтүү

  1. Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык жана аймактык бирдиктердин объектилерин белгилөө тутумунун мамлекеттик классификатору
  2. История таджикского народа. Т. 1. Древнейшая и древняя история.- Душанбе, 1988.- 306-318-беттер
  3. Ж. Алымбаев. Нүзүп бий. Бишкек: «Шам»- 2000. 35-б
  4. 2009 калкты каттоо. Жалал-Абад облусу. Текшерилген күнү 27 -май (бугу) 2020. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.
  5. Кыргыз Республикасынын облустарынын, райондорунун, шаарларынын, шаарчаларынын, айылдык аймактардын жана айылдардын калкынын саны (орусча) (XLS). Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (2014). Түп булактан архивделген күнү 5 -ноябрь (жетинин айы) 2016.
  6. Кыргыз Республикасынын облустарынын, райондорунун, шаарларынын, шаарчаларынын, айылдык аймактардын жана айылдардын калкынын саны (орусча) (XLS). Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (2021).