Африка бирлигинин желеги

Африка бирлигинин желегиАфрика бирлигинин символу. Бул желек 2010-жылдын 31-январында Аддис-Абебада өткөн мамлекеттердин жана өкмөт башчыларынын ассамблеясынын 14-сессиясында кабыл алынган.

Африка бирлигинин желеги
Африка бирлиги

Бекитилген

2010-жылдын 1-январы

Желек тик бурчтуу жашыл түстө жана анын ортосунда Африка континентинин жашыл түстөгү силуэти, 53 ак түстөгү нурлар жана тегерете жайгашкан 53 сары түстөгү жылдыздар жайгашкан.

Желектин символикасы түзөтүү

  • Жашыл түс африкалыктардын үмүтүн жана биримдикке болгон умтулуусун билдирет.
  • Алтын түс африкалык байлыктарды жана жаркын келечекти билдирет.
  • Ак түс Африканын бүткүл дүйнө жүзү боюнча чыныгы достор менен мамиле түзүү каалоосунун тазалыгын билдирет.
  • Желектеги 53 жылдыз Африка Бирлигинин бардык мүчө-мамлекеттерин чагылдырат (бирок, Түштүк Судан 2011-жылдын июлунда Бирликтин 54 мүчөсү болгон; Марокконун мүчөлүгү 2017-жылдын февралында калыбына келтирилген).

Мурунку желеги түзөтүү

 
1970-жылдан 2010-жылга чейин колдонулган Африка Биримдигинин желеги

Желек тик бурчтуу жана беш тилкеден турган. Жашыл, сары жана ак тилкелер турган жана ортосунда Африка бирлигинин белгиси болгон.

Бул желек 1970-жылы кабыл алынган.

Түстөрдүн символикасы төмөнкүдөй болгон:

  • жашыл түс — африкалык үмүттөрдү жана биримдикке болгон каалоону билдирген;
  • сары түс — Африканын байлыгын жана жаркын келечегин билдирген;
  • ак түс — Африканын бүткүл дүйнө жүзү боюнча досторуна болгон умтулууларынын тазалыгын билдирген;
  • кызыл түс — африкалык тилектештикти жана Африканы боштондукка чыгаруу үчүн төгүлгөн канды билдирген.

Африкалык биримдик уюму 2002-жылы Африка бирлигине өзгөртүлгөн. 2003-жылы жаңы эмблеманы жана желекти иштеп чыгуу боюнча сынак жарыяланган. Бирок, 2004-жылы Аддис-Абебадагы сессиясында Африка бирлигинин Ассамблеясы мурунку символдорун сактап калуу чечимин кабыл алган.

Жаңы желек 2010-жылы иштелип чыккан жана Африканын силуэтинин чоң көлөмүнөн жана континенттин бардык өлкөлөрүн чагылдырган жылдыздардан улам биримдик идеясын айкыныраак чагылдыра баштаган.

Булактар түзөтүү