Ачаташ, Тоо - Молдотоо тизмегине кирет. Соң-Көл өрөөнүнүн түштүк-чыгышында. Узундугу 30 км. Орточо бийиктиги 3800–3900 м, эң бийик чокусу 3980 м. Палеозойдун чополуу сланец, кварцит, акиташ жана кычкыл тоо тектеринин интрузияларынан түзүлгөн. Тоонун ортоңку бийик бөлүгү мөңгүлүү. Мөңгүлөрдөн Каратал, Аккудук, Кайыңды, Үчбулак суулары (Нарындын алабы) башталат. Ачаташ тоонун түндүк этегинде жана нымдуу батыш капталдарында (3100–3500 м бийиктикте) субальп жана альп шибери, айрым жерлеринде карагай өсөт. 3600 мден жогору кар, мөңгүлүү. түштүк бети каксоо. Жайыт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү