Аэроыкмалар (Жерди изилдөөдө) – Жер бетин, андагы кубулуштарды, табигый жана өздөштүрүлгөн ландшафттарды атайын жабдылган самолёттун, вертолёттун, спутниктин же ракетанын жардамы менен изилдөө жана картага түшүрүү жолдору. Жер бетинин жана андагы кубулуштардын физикалык касиеттери электр-магниттик толкундардын ар кандай спектр зоналары боюнча түрдүү аспаптар менен абадан кабыл алынып катталат. Ошого байланыштуу аэроыкмалар аэрофотографиялык, фотоэлектрондук, аэрогеофизикалык жана аэровизуалдык болуп бөлүнөт. Аэроыкмалардын 1-этабы – Жер бетинин көрүнүшүн учуучу аппараттан сүрөт же регистрограмма түрүндө тартып алуудан, 2-этабы алардын мазмунун изилдөөдөн турат. Аэроыкмалардын негизинде Жер бети жана андагы кубулуштар жөнүндө көп маалымат качан бул эки этап өзгөчөлүгүнө жана коюлган максаттын маанисине жараша бирин бири толуктаганда гана алынат. Аэроыкмалар түрдүү изилдөө процесстерин ылдамдатуу жана эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу менен алардын сапаттуулугун арттырып, изилдөөгө көмөк берет. Өз алдынча же Жер бетинде колдонулуучу башка ыкмалар менен бирге (геологияда, геодезияда, токой чарбасында жана башка) кеңири пайдаланылат.

Аэрофотография.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1