АядилМанас эпосунун эпизоддук кейипкери, Манас Шоорук канды жеңгенде Акылай менен кошо тартууга келген отуз кыздын бири. Кыздар өз эрки, каалоосу менен өзүнө ылайык күйөө тандоодо кысылып, тартынып турушканда А.: «Астыңкы тандоо биз эмес, Акылайдын жолу деп», — адегенде Акылай тандасын деген сунушту айтат. Акылай Манасты тандайт, башка кыздар да бирден жигит жактырышат (Сагымбай Орозбаков, 2. 219). АЯЗ — Манас эпосунун эпизоддук кейипкери. Эпосто кытай балбаны Түктамандын атасы экендиги гана эскерилет (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 238). Ая-Көз, караАягүз

Колдонулган адабияттар түзөтүү

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4