Аяк, кесеарча, жаңгак, тал, терек, катыраң, кайың, кара жыгач жана башка жыгачтардан оюлуп жасалган идиш. Анын оймо-чиймеленип, сырдалып кооздолгонун – сыр аяк, жөн жасалганын – кара аяк, саптуу жасалганын – жан аяк деп аташат. Аякты жөнөкөй түзүлүштөгү чат, ийди, кырма деген аспаптар менен кырмачылар жасашат. Аяк чоң, кичине, жайпак болот. Чоң аяктын диаметри 20 смге чейин жеткен. Азыркы учурда мындай идиштер сейрек кездешет.

Адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Бишкек, 2003 « Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Педагогикалык Университети»

Интернеттик шилтемелер түзөтүү