Аялдардын маршы аялдардын укуктары үчүн, аялдарга карата зомбулуктун жана жакырчылыктын негизги себептерин жоюу үчүн иш-аракет кылган аялдар топторун жана уюмдарын бириктирген глобалдык феминисттик кыймыл. 2000-жылдан бери эл аралык, улуттук жана аймактык акциялар аркылуу ал жүздөгөн аялдарды экономикалык адилеттүүлүк, социалдык өзгөрүүлөр жана аялдардын репродуктивдик жана сексуалдык укуктары, дененин кол тийбестиги үчүн күрөштүн айланасына чогултту.

8-март Эл аралык аялдардын күнү
8-март Эл аралык аялдардын күнү
Эл аралык аялдардын күнүнө арналган немис плакаты,
8 март 1914 жыл
Себеби Аялдардын укуктары үчүн күрөшүүдөгү аялдардын тилектештиги
Белгилешет жыл сайын
Датасы 8-март

Муруңку Советтик Республикаларда, жана кээ бир башка өлкөлөрдө жөө жүрүш жыл сайын 8-март күнү, аялдардын укуктары үчүн күрөшүнүн эл аралык күнүндө өткөрүлөт.

8-март түзөтүү

8-март дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө аялдардын укуктары үчүн күрөштө аялдардын тилектештигинин күнү катары белгиленүүчү күн. 1975-жылдан баштап БУУ Аялдардын эл аралык жылына карата 8-март аялдардын эл аралык күнүн белгилей баштаган.

Аялдардын эл аралык күнүн жыл сайын белгилөө 1910-жылы Копенгагенде өткөн социалисттердин экинчи эл аралык конференциясынын демилгеси менен көтөрүлгөн. Бул күндү белгилөөнү Клара Цеткин сунуштаган.[1] Максаттардын бири аялдардын жалпы шайлоо укугу үчүн күрөш болгон. Сунуш 17 өлкөдөн 100дөн ашык аялдардын бир добуштан колдоосуна ээ болгон, бирок майрамдын датасы белгиленген эмес.[2] 1914-жылга чейин ар кайсы өлкөлөрдө бул күн марттын ар кайсы даталарында белгиленип келген.[1] Орусияда аялдар күнү 1913-жылы 2-мартта Санкт-Петербургда митинг жана демонстрациялар менен коштолуп өткөн.

Орусияда аялдар күнүнө арналган эң чоң акциялардын бири 1917-жылдын 23-февралында (жаңы стиль боюнча 8-март) текстиль фабрикаларынын кызматкерлеринин көчөгө чыгышы менен башталып, февраль революциясына алып келген нааразылык акцияларынын толкунуна түрткү болгон. 1921-жылы Коммунисттик аялдардын 2-конференциясынын чечими менен 8-март аялдардын эл аралык күнү катары кабыл алынган. 1966-жылдан баштап СССР Жогорку Советинин Президиумунун 1965-жылдын 8-майындагы Указына ылайык Аялдардын эл аралык күнү жумуш эмес күн болуп бекитилди.[3]

 
Петрограддын (Орусия) көчөлөрүндө аялдардын демонстрациясы23-февраль (8-март), 1917-жыл

Дүйнөдө түзөтүү

Дүйнөдө ар кайсы өлкөлөрдө аялдардын маршы ар кайсы күндөрдө өтөт, бул өлкөнүн маданиятына же саясий даталарга же толкундоолорго майланыштуу болушу мүмкүн.

Түркия түзөтүү

Түркияда Феминисттик жөө жүрүшү түндө өткөрүлөт жана Феминисттик түн жүрүшү (түрк. Feminist Gece Yürüyüşü) деп аталат. Жыл сайын 8-мартта ар кандай аялдар уюмдарына, ийримдерине жана форумдарына катышкан аялдар патриархатка, сексизмге, дискриминацияга, гетеросексизмге жана эркектердин зомбулук көрсөтүүсүнө каршы чыгышат. Стамбул жана Анкарадай болгон чоң шаарларда миңдеген аялдар чогулат.

  • 8-Март Феминисттик түн жүрүшү биринчи жолу 2003-жылы Таксим аянтынан Мис көчөсүнө чейин өткөрүлгөн. Марштын темасы “Согуш жана оккупация” болду. Маршта "Гитлер, Муссолини, Шарон, Милошевич, Буш, Саддам... Баары эркек. Бул кокустукпу?" деген баннер көтөрүлгөн[4].
  • 2004-жылы дагы аялдар ошол эле жерге чогулушкан. Бул жүрүштүн темасы аялдарга карата зомбулук болду. Алар «Эркектер атышат, мамлекет коргойт, биз мүрзөлөрдү эмес, баш калкалоочу жайды каалайбыз» деген жазуулар менен жүрүштү.
  • 2005-жылдагы жүрүш Галатасарайдан Таксим аянтына чейин жүргүзүлүп, «Эркектин буйругуна баш ийбейбиз» деген баннер көтөрүлгөн.[5]
  • 2006-жылы алар "феминисттик көтөрүлүш" деген туу менен жүрүшкө чыгышкан.
  • 2007-жылы алар "Патриархатка, капитализмге, милитаризмге жана улутчулдукка каршы феминисттик күрөш" деген баннерлерди көтөрүп жүрүштү.
  • 2008 жана 2009-жылдары өткөрүлгөн жүрүштөрдүн негизги урааны «милитаризм, капитализм, улутчулдук жана патриархатка каршы феминисттик күрөш» болгон.
  • 2010-жылы аялдар "Феминисттик козголоң, биз аял өлтүрүүгө каршы көтөрүлөбүз" деп ураан атышкан.
  • 2011-жылы "Эркек үстөмдүк кылган тартипке каршы феминисттик күрөш" деген ураандарды колдонушкан.
  • 2012-жылы жөө жүрүштө аялдардын күн тартибинде үй-бүлө болгон. Баннерлерде "Биз үй-бүлө эмес, аялдарбыз, биз феминисттик козголоңдобуз" деп жазылган.
  •  
    Киевде 2019-жылы өткөрүлгөн феминисттик марш.
    2014-жылы өткөрүлгөн жүрүштө жөө жүрүшкө катышкан кээ бир аялдардын да жүрүшкө катышкан бир топ эркектер тарабынан зордук-зомбулукка кабылганы айтылган. Андан кийин аялдар жана ЛГБТ адамдар реакцияларын көрсөтүү үчүн Галатасарай лицейине кайтып барышты. Феминисттер бул ызы-чууга болгон реакциясын даярдаган жарыясы менен көрсөтүштү.[6]
  • 2019-жылы полиция Истиклал көчөсүндөгү жөө жүрүштү тоскон. Ал көздөн жаш агызуучу газ жана желим окторду колдонуп, жүрүшкө чогулган миңдеген адамдарды күч менен тараткан.[7]

Украина түзөтүү

2000-жылдардын аягынан бери Украинада дээрлик жыл сайын 8-мартта феминисттик жүрүштөр өткөрүлүп келет. Биринчиси 2008-жылы Киевде "Свободна" анархо-феминисттик жамаатынын демилгеси менен болгон. Жөө жүрүштүн катышуучуларынын коопсуздугунан улам бир күн мурун коомчулукка жарыяланган эмес. 2009-жылы Харьков, Львов жана Черновцы шаарларында түрдүү акциялар өттү. 2011-жылы Киевде "Феминисттик чабуул", "Инсайт" бейөкмөт уюмдары, Визуалдык маданият борбору жана башка уюмдардын демилгеси менен биринчи ачык феминисттик жүрүш өткөн. 2012-жылдан бери 8-мартка ылайыкташтырылган жүрүштөр оңчул радикалдардын кол салуу коркунучуна кабылды.[8][9]

Казакстан түзөтүү

Казакстанда аялдардын жүрүштөрү 2017-жылдан бери өткөрүлүп келет[10], бирок саясий кырдаалга жараша кайсы жылдары маршка уруксат берилет, кайсы жылдары берилбейт. 2022-жылы демонстранттар Шевченко көчөсү менен Махатма Ганди сейил багынан баштап Улуттук илимдер академиясынын жанындагы Шокан Уалихановдун эстелигине чейин беш чакырым жол басып өтүп, митинг өткөрүшкөн. 2020-жылы Алматы шаарында феминист активисттер үй-бүлөлүк жана сексуалдык зомбулук боюнча мыйзамдарды өзгөртүүнү жана сексуалдык асылуу беренесин түзүүнү талап кылып чыгышты[11]. Акцияга кеминде 500 адам катышты[10].

2022-жылы марштын ордуна Ганди паркында аялдардын укуктары үчүн митинг уюштурулган. Уюштуруучулар Алматы шаарынын акимиаты иш-чараны кененирээк жерде өткөрүүгө мүмкүнчүлүк бербегенин билдиришти[10].

Кыргызстанда аялдардын тилектештик маршы түзөтүү

Кыргызстанда Аялдардын Тилектештик Маршы 2013-жылдан бери Бишкек Феминисттик Демилгелери уюмунун демилгеси менен жыл сайын уюштурулуп келген. 2020-жылы марштын катышуучуларына белгисиз адамдардын кол салуусунан жана марштын катышуучулары массалык түрдө камакка алынгандан кийин жыл сайын жүрүштү уюштуруу үчүн феминисттик активисттердин расмий эмес кыймылы болгон 8/365 кыймылын түзүү чечими кабыл алынган.

2014 түзөтүү

 
Бишкекте 8-мартка карата феминисттер маалымдама стендин орнотуп жатышат

2014-жылдын 5-мартында Бишкекте 8-мартка карата уюштурулган иш-чараларда БФД активисттери стенддерди орнотуп, анда аялдардын укуктары үчүн күрөштүн тилектештик күнүнүн саясий контексттери тууралуу маалымат берип, адамдарды 8-март күнү маршка катышууга чакырышкан. Иш-чара башталгандаг кийин көп өтпөй эле, Бейшеналиев менен Чүй көчөлөрүнүн кесилишиндеги активисттер жайгашкан жайлардын биринде белгисиз адамдар стендди сындарып активисттерге кол салышкан.[12]

Кол салууга байланыштуу 2014-жылы 8-марттагы жөө жүрүш болбой калган. Инцидент боюнча күнөөлүүлөр табылбай, жоопко эч ким тартылган жок.

2019 түзөтүү

 
Бишкекте феминисттик марш

2019-жылы аялдардын маршына 400-гө чукул киши катышты[13], бул жылы марш жаңы деңгээлге жетип, медиа тарабынан катуу чагылдырылган, Жогорку Кеңеште талкууга алынган[14]. Маршка эки күн калганда "Кырк Чоро" бейөкмөт уюму аршка тоскоолдук кылып, провокация кыла тургандарын ачык билдиришкен[15]. Бишкек мэриясы маршты "жарандардын коопсуздугуна коркунуч келтирет" деген себеп менен тыюу салууга аракет кылган[16], Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы болсо "Кырк Чоро" марштын катышуучуларына кол салса, жардам бере албай тургандыгын билдирген[15]. Уюштуруучулар тынч марштарды өткөрүү Конституциялык мыйзамга каршы келээрин билдиргенден кийин, мэрия тыюууну алып, Бишкек ШИИББ маршты коопсуз өткөрүүгө милиция кызматкерлерин бөлүп бере тургандыгын билдирди.

Жакында эле Бурулайдын өлүмүнө байланыштуу жөө жүрүштө аялдарга карата зордук-зомбулук жана кыз ала качуу маселеси көтөрүлдү. Андан башка бир канча плакат кыргыз интернет сегментинде катуу талкууга алынды, алардын кээ бирилери: "Мен чай куйбайм", "Жети апамды билем", "Келинизация - это рабство".

 
Милиция кызматкерлери марш катышуучуларга кош кол салуудан кийин жерде калган марш атрибутикаларын чогултуп жатышат.

2020 түзөтүү

2020-жылы Бишкектин Октябрь районунда COVID-19 пандемиясынан улам массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынып, жөө жүрүш Биринчи май районуна көчүрүлгөн. Жөө жүрүш башталганга чейин катышуучуларга беткапчан белгисиз адамдар кол салып, мушташып, катышуучулардын мүлкүнө зыян келтиришкен[17]. Милиция кызматкерлери 70ке жакын марштын катышуучусун кармап, милиция имаратына алып кетишкен[18]. 3 сааттан кийин катышуучулар бошотулуп, айрым уюштуруучуларга баш ийбегендиги үчүн айып пул салынды.

Булактар түзөтүү

  1. 1.0 1.1 Л. Г. Балаховская. Международный женский день. (орус.) М.: Совет энциклопедиясы.
  2. History of Women’s Day (анг.) www.un.org
  3. Международный женский день 8 марта. (орус.) Большая советская энциклопедия : [в 30 т.] / гл. ред. А. М. Прохоров. — 3-е изд.
  4. Sokaklar bizim, aileniz sizin olsun! (түрк.) Текшерилген күн: 27.04.2023
  5. bianet.org (түрк.) Текшерилген күн: 28.04.2023.
  6. Kadınlara ‘sosyalist’ barikat (түрк.) Текшерилген күн: 28.04.2023.
  7. BBC Türkçe. "Kadınlar Günü: 8 Mart Feminist Gece Yürüyüşüne polis göz yaşartıcı gaz ve plastik mermiyle müdahale etti". (түрк.) Текшерилген күн: 27.04.2023.
  8. Ганна Гриценко. Марші 8 Березня: винайдення феміністичної традиції (укр.) // Гендер в деталях. — 16 березня 2018. Текшерилген күн: 28.04.2023.
  9. Оксана Кісь. Фемінізм в Україні: кроки назустріч собі. Ч. 3. Жіночий активізм (укр.) Текшерилген күн: 28.04.2023.
  10. 10.0 10.1 10.2 Акимат Алматы разрешил фемактивисткам провести митинг 8 марта (орс.) Текшерилген күн: 28.04.2023.
  11. "Сегодня цветочки, завтра — отбитые почки": Как прошел марш феминисток (орус.) Текшерилген күн: 28.04.2023
  12. Өлкөгө сереп салуу, Кыргызстан. (орус.) 2015 жыл. www.hrw.org
  13. В Бишкеке прошел ежегодный женский марш в честь 8 марта. Как это было (орус.) 08 март 2019. Зиярат күнү: 02.03.2023.
  14. kenesh.kg. Депутаты заслушали информацию о марше, прошедшем 8 марта в г.Бишкек Жалган курандын 13, 2019. Текшерилген күн: 27.04.2023.
  15. 15.0 15.1 кактус.медиа. "Кырк Чоро" пытаются помешать женщинам проводить мирный марш 8 марта Текшерилген күн: 27.04.2023.
  16. kloop.kg. Власти Бишкека запретили женский марш в честь 8 марта. Спустя 2 часа они передумали и сняли запрет. (орус.) Жалган курандын 6, 2019. Текшерилген күн: 27.04.2023.
  17. кактус.медиа. Участница мирного марша за права женщин: Действия милиции и "Кырк Чоро" были согласованы (орус.) Текшерилген күн: 27.04.2023.
  18. Неизвестные напали на участниц "женского марша" в Бишкеке, организаторов акции задержали. (орус.) Текшерилген күн: 27.04.2023.