Анкара
Aнкapа (түрк. Ankara) – Түркиянын борбор шаары (1923-жылдан).
Отурукташкан жай
Анкара
|
тарыхы
түзөтүүАнкара илинин (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Анадолу бөксө тоосунда, Анкара жана Чубук дарыясынын кошулган жеринде деңиз деңгээлинен 891 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 3,5 млн (2004); калкынын саны боюнча өлкөдөгү Стамбулдан кийинки 2-шаар. Жолдор тоому. Эсенбога эл аралык аэропорту иштейт. Анатолиянын байыркы шаарларынын бири. Биздин заманга чейинки 7-кылымда фригиялыктар тарабынан негизделип, Лидия мамлекетинин курамына кирген. Биздин заманга чейинки 6-4-кылымда байыркы фарс сатраптары бийлеп турган. Биздин заманга чейин 331-жылы Александр Македонский басып алган. 189-25-жылы (биздин заманга чейин) келт-галаттар мамлекетинин административдик борбору. Андан соң 4 кылым бою Рим империясынын, 395-1073-жылы Византиянын ээлиги. 1356-жылы алгачкы жолу Осмон империясынын карамагына кирген. Анкара салгылашынан кийин (1402) шаар Тимурдун колуна өткөн. Бирок, бир нече жылдан кийин Осмон падышачылыгынын бир провинциясынын административдик борбору болуп, Анатолияда ангора эчкисинин тыбытын иштетип, андан жасалган уюмдарды сатуу менен белгилүү болгон. 1864-жылдан Анадолу вилайетинин, 1-дүйнөлүк согуштан кийин түрк элинин көз карандысыздыгы үчүн болгон күрөшүнүн борбору. 1920-жылы 23-апрелден Түркиянын Улуу Улуттук чогулушу иштей баштаган (башында Мустафа Кемалпаша Ататүрк турган). Анын чечими менен 1923-жылдын 13-октябрынан Түрк Республикасынын борбору болуп жарыяланган. Август жана Рома храмы (биздин заманга чейинки 2-кылым), термалар (2-кылымдын аягы 3-кылымдын башталышы), Юлиан колоннасы (4-кылым), шаар дубалдары (Август доорундагы; бир канча жолу оңдолгон), Ала ад-Дин мечити (1778), Арсланханда (1210, 1330-жылы кайра курулган), жана Ахи-Элванда мечиттер (1382), үстү жабык Махмуд-паша базары (бедестан; 1464-71-жылдар аралыгы) сакталган. Шаар 1920-жылдан өнүгө баштаган. Эски шаардан түштүккө карай акыркы архитектуралык үлгүдө салынган жаңы шаар өсүп чыкты. Президент ак сарайы, театрлар, университеттер, консерватория, Улуттук китепкана, туташ көркөм архитектуралык ансамблдер курулду. Туура пландаштырылган көп этаждуу имараттар, коттедждер, жашылдандырылган көчөлөр, министрликтердин комплекстери (1920), Кемал Ататүрктүн мавзолейи (1944-53) жана эстелиги (1970-71) тургузулду. Машина куруу (трактор кураштыруу, айыл чарба техникалары, кыймылдаткычтар), металлургия, курал-жарак өнөр жай ишканалары, аэрокосмостук (биргелешкен Америка-Түркия) заводу, тамак-аш, жеңил, химия, жыгаччылык, курулуш-материалдар өнөр жайлары бар. Илгертеден салт болуп калган металлдан эмерек жасоо, килем токуу, кылторко өндүрүшү өнүккөн. Анкарада шариктүү подшипниктер, дизель (биргелешкен Германия Түркия), кыймыл берүүчү куту (коробка) жана диамез үчүн жабдуу чыгаруучу өлкөнүн уникалдуу өнөр жай ишканалары жайгашкан.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1