Аялдардын улуттук баш кийимдери

Чач өрүм

Кыргыздар эркектердин гана баш кийимине маани бербестен, аялдардыкына да ашыкча көңүл бурушкан. Илгери кыргыздар кыз баланын эки же үч жашынан баштап, төбө чачын «Айдар чач» деп коюшуп, улам жыл өткөн сайын, ага чач кошуп өрүп турушкан. Беш жашында саамай чачтарын өрө башташкан да, ал курагын «секелек» деп аташкан. Жашы чоңоюп, чачы өскөн сайын, тал-талдап өрүшүп, саамай чачы беш өрүмгө жеткенде, «беш көкүл» деп аташып, мына ошондон тартып, аны өзүнүн камылгасын көрүүгө даярдап, «сеп камын» көрүүгө киргизишкен.

Такыя

Кыз бала узчулук өнөргө колуна ийне алар менен аралашып кетпеген, алгач ага жүз аарчы сайдырышкан, мына ошол жүз аарчы сайылып бүткөн соң, анын жашоого даярдыгы башталгандыгын туюшуп, ага такыя кийгизишкен. Такыя аппак кийизден жасалып, таптаза болгон, качан кыз баланын өнөрү жетилип, өз себин өзү даярдай баштаганда, анын даярдыгына жараша такыяга оюмдар түшүрүлгөн. Бул, бир караганда, кыздын уздук чеберчилиги жетилип келе жаткандыгын көрсөтсө, экинчиден, анын өз камылгасы канчалык бүтүп жаткандыгын элге туюндуруп турган. Мындан биз кыздын себинин даярдыгын эле эмес, кыргыз оюмдары жөн гана кооздук үчүн болбостон, ал белгилүү бир маанини туюндуруп турган жазуу экендигин да көрөбүз. Ал, биринчи кезекте, кыз баланын жаш өзгөчөлүгүн аныктап турган оюулар аркылуу маал-маалы менен жаңыланып туюндурулса, экинчиден, такыяга түшүрүлгөн оюу-нун тактыгы, канондуулугу, чыгармачылыкка карата өзгөрүп турбастан, дайыма негизги өзөгүн сактап турган туруктуулугу, анын идеограмма экендигин айкындап көрсөтөт. Ошондуктан, кыргыздар дайыма такыяга, ал тургай, бардык нерсеге түшүрүлгөн оюулардын касиетин туруктуу сактоого аракеттенген, ага чыгармачылык кылууга ашыккан эмес. Болбосо, ийнени кармап отурган автордун кандай кааласа дал ошондой чыгармачылык кылууга кудурети жетет эле да.

Үкү топу

Мына ошентип, кыздын даярдыгы толук бүткөнгө чейин, эч кандай куда келип макулдашуу сөзү бүтпөсө, анда ага үкүнүн жүнү сайылган топу кийгизишкен. Топудагы үкүнүн тарамдалышына карата анын үй-бүлөдө канчанчы кыз экендигин да түшүндүрүп бере алышкан. Ал эми топуга чөгөрүлүп сайылган таштар анын атасы канчалык оокаттуу экендигин көрсөтсө, топунун бийиктиги атасынын, даражасын айкындап турган. Бардык касиеттин сырткы кийимде чагылып турушу кыргыздарды ашыкча мактануудан алыс, тескерисинче, болушунча жөнөкөй болууга аргасыз кылган.

Шөкүлө

Эгер, кыздын себи даяр болуп, айрым учурда даяр эмес мезгилде деле кайын журту калыңын өткөрүп койсо, андай кыздар башынын бош эмес экендигин билдирип, шөкүлө кийишкен. Эң кызык жери, шөкүлөдө шолпу, чач учтуктар кыздын бара турган жеринин канчалык бай жана мансаптуу экендигин элге билдирип турган. Ошондуктан, кайын журту шөкүлөнү даярдоодо өздөрүнүн болгон жакшы сапаттарын анда «айтып» калууга аракеттенишкен. Бул эки айылдын уул-кыздары биригип кыз оюн курганда, кыз менен жигиттин өз ара пикир алышуусуна өтө ыңгайлуу шарт түзүү менен алардын кимисинин башы бош, кимисинин кайындап койгон жери бар экендигин да мынабу баш кийимдер сүйлөп беришкен да, бирин бири тааныбаган эки жаштын өз ара пикир алышуусу үчүн маанилүү роль ойногон.