Конус формасында тигилген кыргыздын кыз-келиндеринин элдик баш кийими. Өтө кооз, аны күйөөгө аттанган кыз ата-энесинин төрүнөн кийип чыгат. Шөкүлөнүн төбөсү (бийиктиги 22—30 см), кулакчасы же жаагы (узундугу 18—22x8—10 см), желкеси (узундугу 33—45 см), маңдайы (4—6 см) болот. Шөкүлө мурун ак кийизден тигилсе, кийин ортосуна жүн салынып, сырты кызыл же кызыл кочкул, жашыл же кочкул жашыл, көк же көк кочкул манаттан, ноотудан тигиле баштайт. Ар кыл матадан ичтелип, ага кундуз, түлкү, суур өңдүү аң терилери кыюуланат. Кийин баркуттан шырып тигип да жүрүшөт. Төбөсүнө же каптал тарабына тоту куштун, кыргоолдун, каркыранын, үкүнүн канаттары тагылат. Шөкүлөнүн төбө алкагына зер чөгөрүүгө болот.

Мында шурулар арбын колдонулат. Бул желбирөөчкө, тумарчага, жаак мончокко, чач учтукка өткөрүлөт. Ал элечектин тартмасындай ушул шөкүлөгө бөтөнчө азем берет.

Шөкүлө — салттуу баш кийим. Ал салт боюнча кийинки сиңдилерине сакталат. Демек, кыз турмуштанган жерине кийип барып үч-төрт күндөн кийин шөкүлөнү кайра берип жиберет. Бул баш кийим боз үйдө текчеде (секичек, текичек) турган, же болбосо сандыкта сакталат.

Маалыматтын булагы түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)