Көбүнчө кыз-келиндерибиздин жумшак нерселерди кармоодогу көркөм чеберчилиги. Аларга: оймокчулук, саймачылык, түймөчүлүк, чырмачылык, бычмачылык-тикмечилик, эшмечилик, токуучулук, өрмөкчүлүк өңдүүлөр кирет. Көркөмдүк адамдын бир гана тышкы келбетине же кийимге, таарга, териге кездемеге эле эмес, буюмга да, үй жасалгаларына да тиешелүү касиет. Натыйжада, ар бир адам көркөмдүктү түрдүүчө кабыл алып, ирээттүү жашоого дилгирленет. Элибиздин үрп-адатын, салт-санаасын чагылдырган не бир сонун кооздуктарды жаратууда эзелтен чеберлерибиз карек отун чачыратып келген.


Маалыматтын булагы түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)