Аят 2 (тасма)
Аят 2 — Режссёр Азамат Арыков тарабынан 2011-жылы тартылган кыргыз көркөм тасмасы.
Аят 2
| |
Файл:Аят 2.jpg | |
Урааны |
«Инсандын баардык жашоосу ниетине жараша болот» |
---|---|
Жанры | |
Директору |
Нургазы Эрназаров |
Режиссёру | |
Продюсери |
Улан Усенбеков |
Сценарийдин автору | |
Башкы ролдордо |
Азамат Арыков |
Оператору |
Санжар Абдыжапаров |
Композитору |
Мурзали Мээнбаев |
Кинокомпания |
AZMAN studio |
Узактыгы |
103 мүнөт |
Өлкө | |
Тили | |
Жылы | |
Super.kg | |
Мазмуну
түзөтүүАли – бокс менен машыккан, ыймандуу жигит. Ал дин жолуна түшүп, мушташканды таштап, жөнөкөй таксист болуп үй-бүлөсүн багып жүрөт. Бир күнү ага кримчөйрөнүн башчысы Баатырбек байланышып, бирөөгө “Али мушташка чыгат” деп сөз берип койгонун айтат. Али байкесинин сөзүн эки кылбай, таиланддык жигит менен рингге чыгат. Ошентип, каарман спортко кайра кайтып, күнү-түнү машыгууга өтөт. Акыры жеңишке жетишип, аялына бул спорттогу акыркы кадам болоруна сөз берет. Анын Аскат аттуу досу кримчөйрөнүн башчысына карыз болуп, из жашырып кетет. Артынан сая түшкөн “кримчөйрөнүн” өкүлдөрү Алиге келип, “досуңду таппасаң, эртеңки күнүңдү ойлоп койгун” деп кысым көрсөтүп, жадакалса үй-бүлөсүнө коркунуч туудурган нерселерди жасай башташат. Ошондо гана Кудайдын жолуна түшкөн Али аргасыздан Баатырбек агасына жардамга кайрылууга мажбур болот. Ошентип, ал агасынын насааты боюнча спортчулар менен кримчөйрөнүн жигиттери беттешип , абалды чечишет. Ушундай тагдыр сыноолору уламдан-улам пайда болуп отуруп, акыры тасма жакшылык менен аяктайт.
Каармандарда
түзөтүүАктёр | Роль |
---|---|
Азамат Арыков | Али |
Жазгүл Акпарали кызы | Алинин аялы Фатима |
Рахат Бердикеев | Баатырбек |
Мирлан Абдулаев | Тима |