БУУ Соода-сатык жана Өнүктүрүү Конференциясы

БУУ Соода-сатык жана Өнүктүрүү Конференциясы (U.N.C.T.A.D.-ЮНСТАД) - Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн проблемаларын чечүүгө багытталган. ЮНСТАД 1964-жылы Женевада 3 күнгө созулган конференциянын жыйынтыгында түзүлдү.

Ошол эле жылы БУУнун Башкы Ассамблеясынын чечими экономикалык уюм болуп түзүлдү. Борбору Женевада. ЮНСТАДдын Башкы конференциясы 4 жылда бир жолу өткөрүлөт. Бул уюмга 130дан ашуун өлкө мүчө. БУУга мүчө ар бир өлкө уюмга катышууга укуктуу. 1964-жылы өткөрүлгөн конференциядан кийин 2-конференция 1968-жылы Жаңы Делиде, 3-конференция 1972-жылы Сантягодо болуп өттү. 4-конференция Найробиде, 5-конференция 1972-жылы Манилада уюштурулду. Уюмдун туруктуулугун жана кабыл алуу чечиминин аткарылышын ар жылы жыйналган 55 мүчөсү бар «Соода жана өнүктүрүү кеңеши» камсыз кылат. Мындан тышкары түрдүү тармактарда комитеттер иш жүргүзөт. ЮНСТАД алдына койгон пландарды ишке ашыруу менен өнүккөн өлкөлөр жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты уюштурат жана алардын ортосунда катализатор ролун аткарат. ЮНСТАДдын жүргүзгөн иш-чаралары ГАТТыкынан бираз айырмаланат.

ГАТТ мүчө өлкөлөрдүн баарын тең укукта көрөт, экономика жана соода тармагында өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн кызыкчылыгын көздөбөйт. Ал эми ЮНСТАД бир жактуу иш жүргүзүү менен бирге кандайдыр бир маселенин тегерегинде жалпы жыйынтык чыгарып, аны чечимдер менен бекиткенден кийин бул маселени чечүү үчүн ГАТТка кайрылат. ГАТТ сыяктуу мүчө өлкөлөрүнө юридикалык жоопкерчилик жүктөгөн уюм жогорку маселелерди чечүү үчүн түздөн-түз конференция өткөрүшү керек. Мезгил- мезгили менен өткөрүлгөн негизги беренелер жөнүндөгү конференциялар буга мисал боло алат. ЮНСТАД уюму өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн өндүрүш тармагында туш болгон кыйынчылыктарды чечүү үчүн өнүккөн өлкөлөрдүн жардамы менен аракеттенет.

ЮНСТАДка сунуш түрүндө болсо да чыгарылган чечимдер өнүккөн өлкөлөрдө коомдук пикирдин жаралуусунда таасирдүү болууда. ЮНСТАДдын составына кирген мүчө өлкөлөр: А тобу: Бул топко Азия жана Африка өлкөлөрү кирет; Б тобу: Бул топко Батыш өлкөлөрү кирет (Түркия да бул топто); В тобу: Бул топко Латын Америка өлкөлөрү кирет; Г тобу: Бул топко негизинен социалисттик Чыгыш Европа өлкөлөрү киришкен. Мүчө мамлекеттер жогорудагыдай топторго бөлүнгөн. А жана В группасындагы өлкөлөр биригип, «77» деген атты алган. Бул группадагы өлкөлөр өнүгүп келе жаткан өлкөлөр жана учурда «үчүнчү дүйнө» деген ат менен таанылган. Азыр бул бөлүктө 120га чукул өлкө бар. ЮНСТАДдын өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн өнүгүү тармагындагы маселелерин чечүү боюнча жасаган эң жигердүү иши «Жалпы конференциянын системасын» түзүү болгон. Бул система өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн өздүк товарларды импорттоосунда өнүккөн өлкөлөрдүн бул товарларга карата бажы салыгын арзандатуу же бажы салыгынан бошотуу иштерин жүзөгө ашырган. Учурда да АКШ менен Канададан башка бардык өнүккөн өлкөлөр жана социалисттик Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн кээ бирлери бул системаны колдонууда. Ал эми кээ бир өнүккөн өлкөлөр болсо бул жеңилдиктерди пайдаланууга жалгыз гана «77» группасындагы өлкөлөргө уруксат берген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Эл аралык мамилелер сөздүгү/ Түз. Аббас Караагачлы; котор. Топчугүл Нармаматова, -Б.:КТМУ, 2008.- б. ISBN 978-9967-24-921-9