Багуучу
Багуучу – башка жеке жакты багууну камсыз кылган же мындай багууну камсыз кылууга милдеткер болгон жеке адам. Социалдык камсыздоо укугунда, багуучунун өлүмү анын карамагында туруп, багуучусунан ажыраган эмгекке жарамсыз үй-бүлө мүчөлөрү үчүн пенсия алуу укугун жаратат. Ал эми жарандык укук боюнча багуучу өлгөн учурда жарандык-укуктук жактан милдеткер болгон адам багуучусун жоготкондугуна байланыштуу зыяндын ордун толтурууга милдеттүү.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору,авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|