Бада - уйлардын тобу. Кыргыздардын чарбасындагы жайлоого же атайын жайытка чыгарылган уйлардын тобу. Уйлар чарбанын негизги багытына, малдын жашына карата зооветеринардык жактан кароо учурунда бада-бадага бөлүнөт. 6-12 айлык музоо-торпок (эркек-ургаачысы өзүнчө), 2-6 айлык музоолор өзүнчө бадаларга бөлүнүшү керек. Бададагы уйдун саны зоотехникалык эрежелерге, жер шартына жараша болот. Кыргызстандын шартында бир бадада 100-120 уй болот. Айылдын жайытка же жайлоого чыккан малы бада, ал эми аны кайтарган адам бадачы деп аталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү