Бажы көзөмөлүбажы органдарынын жүктөрдүн, унаа каражаттарынын, валютанын, валюта баалуулуктарынын ташып кирүү, ташып чыгуу же транзит тартибин жөнгө салуучу белгиленген мыйзам менен эрежелерди жеке жана юридикалык жактардын сактоосуна багытталган зарыл иш-аракеттерди жасоосу. Бажы көзөмөлү бажы максатына зарыл болгон документтер менен маалыматтарды текшерүү жолу аркылуу КР бажы органдарынын кызмат адамдары тарабынан жүргүзүлөт. Бажы көзөмөлүн жүргүзүүдө адамдын, жаныбарлардын өмүрү менен ден-соолугу, өсүмдүктөр үчүн коопсуз, адамдарга, унаа каражаттарына, товарларга зыян келтирбеген техникалык каражаттар колдонулушу мүмкүн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү