Гапар Базарбаев (1915-) - коомдук ишмер.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Гапар Базарбаев 1915-жылы азыркы Лейлек районунун Кара-Булак кыштагында туулган. Г.Базарбаев Хоженттеги балдар үйүндө тарбияланган. Ташкенттеги педагогикалык техникумду бүтүргөн.

Анын жөндөмүн, шыгын билишкен ошол кездеги жетекчилер Гапарды Ленинграддагы педагогикалык окуу жайына жөнөтүшкөн. Андан кийин финансылык окуу жайына да бүтүргөн.
1929-жылга чейин түрдүү жылдарда Үч-Коргон (Кадамжай) райисполкомунун төрагасынын орун басары, республикалык финансылык органдарда жетекчи кызматтарда, Чүй райкомпартиясынын, Талас обкомпартиясынын 1-катчысы болуп иштеп турган.

1945-жылы Кыргызстан КП Борбордук Комитетинин айыл-чарба бөлүмүнүн башчысынын орун басары,
1946-48-жылдары партиянын Лейлек райкомунун биринчи катчысы болуп иштеген.
Мына ошол жылдары райондун социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга, бөлүнгөн чарбаларды калыбына келтирүүгө багытталган бир топ иштерди жүзөгө ашырган.
1951-1961-жылдары Жалал-Абат шаарынын чарбалык, маданий жактан өсүшүнө чоң салым кошкон жана пенсияга чыкандан кийин да өмүрүнүн акырына чейин Жалал-Абадда жашап өткөн.
Гапар Базарбаев бир нече жолу Кыргыз ССРинин, Ош, Жалал-Абат областтык Советтеринин депутаты болуп шайланган.

Базарбаевтин 5 баласы бар. Алар Алма-Ата, Ош, Жалал-Абат шаарларында турушат. Кенже кызы Базарбаева Тамара - техникалык илимдердин кандидаты, Бишкектеги политехникалык институнунда иштейт.

Сыйлыктары түзөтүү

Эл алдындагы ак эмгеги калыс бааланып, эки "Ардак белгиси" ордени, бир нече медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар: түзөтүү

Гапыр Мадаминов. Лейлек жана Лейлектиктер тарыхы. Бишкек, 1998-жыл.

Categoru: Персоналияa