Базис жана кондурма
Базис жана кондурма - тарыхый материализмдин категориялары; коомдун, экономиканын структураларынын, негизги элементтерин талдоодо пайдаланылат.
Бул түшүнүктөр коомдун түзүлүшүн талдоодо, философиянын негизги маселесин, материалисттик маанайда чечмелөөгө мүмкүндүк берет.
Базис (гр. basis – негиз, байдумал) коомго таандык өндүрүштүк мамилелердин системасы иретинде өндүрүштүк күчтөрдүн өнүгүү этабына байланыштуу түзүлөт.
Лениндин айтуусу боюнча, Базис – коомдук формациянын «экономикалык скелети». Кондурма-коомдук кубулуштардын биримдиги, экономикалык базистен келип чыгат.
Кондурма – төмөндөгүдөй структурага ээ:
- а) рухий тармактын биримдиги (сезим, теория, аң-сезим, ой);
- б) коомдогу адамдардын ортосундагы материалдык өндүрүштөн белгилүү деңгээлде шартталган, андан салыштырмалуу сыртта түзүлгөн идеологиялык мамилелер;
- в) коомдогу мекемелер, уюмдар, саясий-диний түзүлүштөр.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Философия: энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8
- Исторический материализм в XXI веке: необходимость обновления: Сборник статей / Сост. и ред. В. Е. Бугера. — М.: Компания Спутник+, 2005.