Байыркы тоо-кен металл өндүрүшү

Байыркы тоо-кен металл өндүрүшү. Кыргызстандагы. Кен казып алуу, металл эритүү жана тиричиликке керектүү буюмдарды жасоону ичине камтыган металл өндүрүшү байыркы мезгилден тартып эле чарбанын негизги тармагынын бирине айланган. Металл өндүрүшү коомдук мамиленин мүнөзүнө да таасирин тийгизет.

Металл өндүрүшүнүн калыптанышы жана өнүгүшү ар кайсы аймакта жашаган уруу-лардын байланышын кеңейтип, товар алмашууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзгөн. Окумуштуулардын пикири боюнча, Кыргызстанда тоо-кен өндүрүшү мустье доорунан башталган. Байыркы адамдар таш доорунда таштын сапаттуу тектерин атайын издеп таап, курал жасашкан.

Керектүү таш теги жайгашкан жерде байыркы адамдардын таш курал жасай турган жайы – устаканалары орун алган. Мындай устаканалар Түштүк Кыргызстандын Капчыгай, Юрташсай жергелеринде табылган. Бир тектүү, чапканда курч миздүү, курал жасаганга ылайыктуу таш теги байыркы адамдар тарабынын миңдеген жылдар бою пайдаланылган.

Алгач жезди пайдаланышкан. Кенден жезди бөлүп алуу биздин заманга чейинки 8–6-миң жылдыктарга, күмүш жана коргошунду колдонуу 7–6-миң жылдыктарга, алтынды пайдалануу биздин заманга чейинки 5-миң жылдыктарга, колону колдонуу биздин заманга чейинки 4-миң жылдыктарга туура келет. Байыркы адамдар жез менен калайдын биригишинен колону алышкан. Коло доорунда металл өндүрүү жана андан калыпка куюу жолу менен сапаттуу эмгек куралдарын жасашкан.

Коло буюмдар чарбачылыкта, үй-тиричилигинде, согуш ишинде кеңири колдонулган. Чүй өрөөнүндө, Ысык-Көлдүн чыгышында, Кочкор өрөөнүндө табылган коло буюмдарынын кенчтери коло доорунда металл иштетүүнүн өзгөчө ыкмалары болгондугун далилдеген. Мындай археологиялык өзгөчөлүк «Жети-Суу металл иштетүү очогу» деп аталган.

Чуст маданиятында коло күзгү, орок куя турган таш калыптар жана курамына калай, мышьяк кошулган жез, коло буюмдары табылган. Кыргызстанда байыркы мезгилден эле калай өндүрүү болгондугун Сары-Жаздагы Ат-Жайлоо, Жыланды деген жерлерден табылган эстеликтер далилдейт. Байыркы мезгилден кен байлыкты кеңири иштеткен жерлер Талас өрөөнүндө да көп ачылган.

Коло доорунда коргошун өндүрүлгөн. Таштөбө көрүстөнүнөн табылган алтын жергиликтүү алтынга окшош болгон. Эрте темир доорунан Кыргызстандагы тоо-кен байлыктарын казуу кыйла өздөштүрүлгөн. Жазма булактар жана археологиялык маалыматтар темир, күмүш, алтын, коргошун, калай, сымап, цинк, туз кендери иштетилгендиги жөнүндө даректүү кабарларды берет.

9–10-кылымдардагы кытай жазма булактарында кыргыздарда алтын, темир, калай болгондугу баяндалган. Алардан сапаттуу куралдар жасалып, түрктөргө сатышкан. 10–12-кылымдарга таандык темир иштеткен көлөмдүү комплекс Балыкчы шаарына жакын жердеги Сарыбулуң жергесинде жайгашкан.

Темирдин көп өлчөмдө иштетилиши Жумгал жергесиндеги орто кылымга таандык Түгөлсай шаарчасынан баамдоого болот. Талас өрөөнүндөгү Киров суу сактагычы турган жердеги Садыркоргон шаар чалдыбарынан 9–12-кылымдарга тиешелүү 70тен ашуун кен казган жерлердин орду табылган. Бул жерде күмүш казып алуу биринчи кезекте турган.

Кыргызстанда байыртадан бери металл өндүрүшү топонимикада сакталып келет. Топонимия байыркы калктардын чарбалык турмушу, маданияты, пайдалуу кен байлыктары, аларды иштетүү тууралуу маалыматтарды топтойт. Мисалы, Жезказган, Күмүштаг жана башка.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.