Бакалак мөңгүсүКичи Алай кырка тоосунун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги ири мөңгү. Узундугу. 4,2 км, Аянты 6,9 км2.

Араван-Сайдын сол курамы – Чилисай суусунун төрүндө жайгашкан. Жалпы экспозициясы Түн. батышка багытталган. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4800 м, этеги 3900 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4250 м. Абляция облусунун аянты 4,5 км2. Мөңгүнүн көлөмү 0,36 км3, калыңдыгы 100 мге жетет. Б. м. 1914–63-ж. 450 мге тартылган. Андан Бакалак суусу башталып, Гезартка (Чилисай суусунун сол курамы) оң жактан куят. 1962–63-жылдарда Ташкент университетинин окумуштуулары стационардык байкоолорду уюштурушкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2