Түшүндүрмө

түзөтүү

Балдар чыгармаларынын репертуары өтө бай, көп түрдүү. Балдар фольклорун традициялуу фольклордон ажыратып кароо кыйын. Ар бир жанр балдардын табиятына жараша өзгөрүүгө дуушар болгон. Чоңдордун чыгармалары балдар тарабынан кайра айтылып, кээ бир жанрлар чыгармачылык менен кайра иштелип, балдардын репертуарларына өтүп, б. а. көркөм поэтикалык булактар чоңдордун чөйрөсүнөн балдардын чөйрөсүнө көчүп, “балдар фольклору” деген түшүнүктүн, терминдин, илимий проблеманын пайда болушун шарттаган. Бул көп убакытты, татаал диалектиканы, кайрадан маани берүүнү, кайра түшүнүүнү (переосмыслениени) талап кылган процесс болуп эсептелет. Мисалы;эпостордо кезиккен сыйкырдуу бойго бүтүү, баласыз атанын балалуу болушу туурасындагы сюжет, мотив балдар жомокторунан орун алган. Жанрдык дифференция, чоңдордун фольклорунун балдар тарабынан ассимиляцияланыш проблемасы, балдар фольклорунун өзүнө гана таандык мыйзам ченемдүүлүк. Ошонун негизинде балдар фольклорунун тарыхый, генетикалык жаш өзгөчөлүк жана аткарган кызматы боюнча негизги критерийлери аныкталат. Кыргыз оозеки чыгармачылыгын балдар фольклорунун алган орду, генетикалык өсүп-өнүгүү жолу, жанрдык составы, өзүнө мүнөздүү касиет-сапаты бар. Кыргыз балдар поэтикалык чыгарманын жанрдык составын, поэтикасын, генезисин, өнүгүү шарттарын изилдөө максатында балдар фольклорун классификациялоо иши жүргөн. Бул маселеге ар бир изилдөөчү М. Түлөгабылов, М. Сулайманов, Г. Орозова, А. Саттарова өзүнүн жеке ил. концепциясын берген. Илимий классификация өтө татаал маселе. Кыргыз балдар фольклорун изилдөө тарыхына көңүл буруп, фольклористика илиминин бай тажрыйбасын, методологиялык принциптерин эске алуу менен тарыхый-генетикалык, жаш өзгөчөлүк жана аткарган кызматы боюнча бөлүштүрүлүп классификацияланган. Кыргыз балдар фольклорунун классификациясы:

  1. Жаш балдарга арналган поэтикалык чыгармалар.
  2. Чоңдор тарабынан жаралып, балдардын чыгармасына айланган чыгармалар.
  3. Балдар оюндары.

Бул үч чоң топтун биринчи тобуна балдар ырлары кирет. Балдар ырларын жаш өзгөчөлүгүнө, аткарган кызматына, маанисине карай экиге бөлүүгө болот:

а) Наристе бөбөктөргө арналган ырлар:
1) Алкоо, алкыш, бата (жаңы төрөлгөн наристеге багышталган)
2) Бешик ыры.
3) Эркелетүү, сооротуу, оюн ырлары.
4. Балдардын жаман жоруктарын жоюу максатында айтылган чымчыкейлер;
б) Тестиер балдардын ырлары:
1) Акыйнек айтышуу.
2) Жаныбарларга, жаратылыш кубулуштарына, жыл мезгилдерине карата чыгарылган (календарлык) жана балдардын тилегин, учкул кыялын чагылдырган ырлар.
3) Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги балдар ырлары.
4) Боз балдардын ашыктык ырлары.

Экинчи топко:

1) Жомоктор.
2) Эпикалык чыгармалар.
3) Калптар.
4) Макал-лакаптар.

Үчүнчү топко кирген балдар оюндары экиге бөлүнөт:

1) Сөз менен коштолуучу оюндар.
2) Кыймыл менен коштолуп ойнолуучу оюндар.
1) Сөз менен коштолуучу оюндарга. а) Табышмак. б) Жаңылмач. в) Оюн ырлары.
2) Кыймыл менен коштолуп ойнолуучу оюндарга балдардын денесине тарбия берүүчү, ден соолугун чыңдоочу оюндар кирет.

Ушул классификация боюнча балдар фольклорунун өздүк репертуарындагы жанрлар, алардын өз ара байланышы, тарыхый өсүш динамикасы, сюжеттик-тематикалык өзүнчөлүгү, балдар чыгармаларынын поэтикалык көркөмдүк өзгөчөлүгү изилдөөгө алынган. Салттык, этнографиялык жактан тыгыз байланышы фактылык материалдардын негизинде анализденген.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү

Кыргыз Адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Манастаануу жана көркөм маданияттын улуттук борбору. Бишкек – 2004