Балдар чыгармачылыгынын жетишкендиктеринин көргөзмөсү

Балдар чыгармачылыгынын жетишкендиктеринин көргөзмөсү - (БЧЖК) окуучулардын көркөм, жасалга-колдонмо өнөрүндөгү жана техникадагы өз алдынча чыгармачылык жетишкендиктерин коомчулукка көргөзүү.

БЧЖК негизинен окуу жылынан аягында же каникул мезгилинде өткөрүлөт. Көргөзмөгө экспонаттарды тандоо жана баалоо үчүн курамына мугалимдер, сүрөтчүлөр, инженерлер жана техниктер, мектептен тышкаркы мекемелердин жетекчилери кирген уюштуруу комитети же калыстар тобу.

БЧЖК экспонаттар конкурстук негизде тандалып алынат. Мектеп көргөзмөсүндөгү мыкты иштер районндук, облустук, республикалык көргөзмөгө тандалып алынат. БЧЖК – комплекстүү жана тематикалык деп бөлүнөт. Комплекстүү БЧЖКда окуучулар чыгармачылыгынын ар түрдүү түрлөрү көрсөтүлөт. Ал окуу жылынын аягында өткөрүлөт. Тематикалык БЧЖКда – окуучулардын тигил же бул тармак боюнча өз алдынча чыгармачылыгы (Мисалы: техникалык, көркөм, жасалга-колдонмо ж. б.) көрсөтүлөт.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Педагогика (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,