Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече темир жолу

Кыргызстанда курулуп жаткан темир жол

Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече темир жолуКыргызстандын Балыкчы шаарын, Кочкор айылын жана Каракече күрөң көмүр кенин байланыштырмакчы 186 километрлик курулуп жаткан темир жол. Ошондой эле Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан багыты боюнча болжолдонгон темир жол менен байланыштырып өлкөнүн бирдиктүү темир жол тармагын түзүү пландалууда.

Тарыхы түзөтүү

Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгон учурда жаш республиканын темир жол тармагы СССРден мураска калган ички байланышы жок бир нече участкалардан турган. Кыргызстандын түндүк шаарларын Түштүк Казакстан менен байланыштырган Балыкчы ― Бишкек ― Чалдовар бөлүгү. Кыргызстандын түштүгүн Фергана өрөөнүндөгү өзбек шаарлары менен байланыштырган бөлүктөрү:

1994-жылы тармактын бытырандылыгын жоюу максатында Балыкчы ― Кочкор ― Жалал-Абад транскыргыз темир жол долбоорун ишке ашыруу чечими кабыл алынган. 1998-жылы башталган курулуш көп өтпөй токтотулган[1]. Долбоор 2000-жылы жабылып, бүтпөгөн бекеттер жана темир жолго кырдалган атайын топурак дөңсөөлөрү гана калган.

2022-жылдын 31-мартында Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров тарабынан темир жолдун курулушу башталган.

Маршрут түзөтүү

«Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече» каттамынын пландалган узундугу 186 чакырымды түзөт. Биринчи этапта Балыкчы ― Кочкор темир жолунун узундугу 63 км участогун куруу пландаштырылууда. Кийинки этапта Кара-Кече көмүр кенине темир жол тартылат. 2022-жылы пландалган 5 км темир жолдун курулушу аяктаса, 2023-жылы 15 кмден ашык темир жолдун курулушун бүтүрүү пландалууда[2]. Темир жолдун толук бүткөрүлүшү жана ишке киргизилиши 2030-жылга чейин күтүлүүдө .

Техникалык мүнөздөмөсү түзөтүү

Темир жолду курууда Орусияда жасалган рельстер жана Кыргызстанда жасалган шпалдар колдонулат. Колдонулган үстүңкү конструкция орто типте, рельс P65, шпалдары темир-бетон, балласты — жолго төшөлчү майда таштан жасалган, звенолук муундун узундугу 25 метр, үстүңкү конструкциянын долбоору — стандарттуу. «Фосла» тибиндеги аралык бекитүү да колдонулат[3].

Экономикалык мүнөздөмөлөрү түзөтүү

Курулуш кошумча инвестицияларды тартпастан «Кыргыз темир жолу» УК» МИнин эсебинен жүргүзүлүүдө. Ошондой эле жол курулушту тез бүтүрүү үчүн насыя алынуусу да каралып жатат[4].

Курулушу түзөтүү

Курулуш иштери 2022-жылдын 31-мартында башталган. 2023-жылдын март айында 5,9 чакырым жолдун төшөгү курулуп, 5 чакырым жолдун үстүнөн төшөө иштери аяктаган. Ошол эле учурда жолдун 5,1ден 5,9га чейинки төмөнкү конструкциясын куруу, майдаланган таштарды толтуруу, 7,2ден 8,4 чакырымга чейин жер казуу иштери улантылууда. 2023-жылга чейин 15 же андан көп км трассаларды куруу пландалууда[5]. Жолдун төмөнкү конструкциясын орнотуу боюнча жер казуу иштерине атайын техниканын 20 бирдиги жана 30 жумушчу тартылган, рельстерди жана шпалдарды төшөөдө 100 жолчу жана атайын техниканын 30 бирдиги тартылат[6].

Курулуштагы татаал жерлердин бири — Боз-Бармак тоо кыркалары аркылуу казуу иштерин жүргүзүү. Казылган жердин узундугу 600 метрдей, тереңдиги 16—17 метр, жантайыңкы бийиктиги 70 метр[7].

Казуу учурунда биздин заманга чейинки III кылымга таандык дөбөлөр табылып, учурда археологиялык изилдөөлөр жүрүп жатат[7].

Булактар түзөтүү

  1. Указ Президента КР от 13 января 1998 года УП №3 "Об организационных вопросах строительства магистральных железных дорог в Кыргызской Республике"(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Текшерилген күнү 18 -июнь (кулжа) 2020.
  2. Строительство жд «Балыкчы-Кочкор» идет полным ходом(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Текшерилген күнү 4 -июль (теке) 2023.
  3. Стройка века: в Кыргызстане начали вести новую железнодорожную линию(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Текшерилген күнү 4 -июль (теке) 2023.
  4. Железная дорога Балыкчи — Кочкор — Кара-Кече. Работы завершат до 2030 года(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Текшерилген күнү 4 -июль (теке) 2023. Түп булактан архивделген күнү 4 -июль (теке) 2023.
  5. Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 29 апреля, ознакомился с ходом строительства ряда социально-экономических проектов в Иссык-Кульской области(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Текшерилген күнү 4 -июль (теке) 2023. Түп булактан архивделген күнү 4 -июль (теке) 2023.
  6. Строительство жд «Балыкчы-Кочкор» идет полным ходом(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Текшерилген күнү 4 -июль (теке) 2023. Түп булактан архивделген күнү 4 -июль (теке) 2023.
  7. 7.0 7.1 Железная дорога "Балыкчы-Кочкор": работы 2022 года завершены на 70%(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Текшерилген күнү 5 -июль (теке) 2023. Түп булактан архивделген күнү 5 -июль (теке) 2023.