Каракече көмүр кениНарын облусунун Жумгал районунда, Чаек кыштагынан 25-30 км түштүк тарапта, Каракече тоо аралык өрөөнүндө, Кабак көмүр бассейнинин чыгышында. Кен байыртан белгилүү.

1930–32-ж. геол. картасы түзүлгөн, чалгындоо иши 1948-51 жана 1956–58-ж. жүргүзүлгөн. Көмүр кабаттары юра катмарынын төмөнкү бөлүгү менен байланышкан. Кендин негизги кабаты өнөр жайлык мааниге ээ. Анын калыңдыгы 1,15 мден 94,22 мге чейин. Кабаттын жукарышы чыгыш тарапка жана тереңдеген сайын байкалат. "Татаал" кабаты өтө өзгөрмөлүү, анын калыңдыгы 0,30 – 36,4 м. Сапаты жана технологиялык касиети боюнча үчүнчү күрөң (3Б) көмүр маркасына кирет. Көмүрдүн орточо күлдүүлүгү 11,3%, орточо күйүү жылуулугу 28,89 МДж/кг (6902 ккал/кг) түзөт. Ачык жол менен жер үстүнөн казып алууга жарамдуу. Бекитилген жана 1997-жылга карата баланста турган запасы В+С1 категориясы боюнча 191582 миң т, жер астынан шахта менен казып алууга жарамдуу запасы В+С1 категориясы боюнча 118443 миң т.

Колдонулган адабияттар түзөтүү