Көк-Жаңгак — («көк» иран тилдеринде «кух» — тоо маанисин билдирет; тоо жаңгагы) — Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун аймагында, шаар (1943-жылдан); темир жол бекети. Шаар Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш этегинде, Көгарт суусунун сол куймасы — Коргонташ суусунун боюнда, Cерүүн-дөбөгө жакын, деңиз деңг. 1350—1590 м бийиктикте жайгашкан. Жалал-Абад шаарынан 30 км түн.-чыгыш тарапта, табияты кооз жаңгак-жемиш токойлуу аймакта жайгашкан. Шаар жайгашкан аймактын кышы жумшак (январдын орточо температурасы —15°Cге чейин), жайы салкын (июлдуку 30-35°C). Жаан-чачындын жылдык орточо өлчөмү 450 мм, көбүнчө кыш жана жаз айларында жаайт. 1958-ж. Көк-Жаңгак шаарында калктын саны 27 миңге жеткен. Калкы 11400 (2017)[2].

Көк-Жаңгак
Өлкө

Кыргызстан

Облус

Жалал-Абад облусу

Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү

1910

Бийиктиктиги

1450

Калкы
Калкынын саны

11 400[1] (2017)

Жыштыгы

адам/км2

Сандык идентификаторлор
Убакыт аралыгы

+6

Көп улуттуу: көбү кыргыздар, ошондой эле орус, өзбек, татар жана башкалар. Көк-Жаңгак кыштак катары 1896-ж. негизделген. Анын эски калдыктары шаардын түштүк-батыш тарабында (4—5 км аралыкта) тоонун этегинде сакталган. Көмүр 1910-жылдан казып алына баштаган. 1931-ж. Жалал-Абад — Багыш — Көкжаңгак темир жолу курулган. 1932-ж. «Көкжаңгак көмүр» кен башкармасы уюшулуп, анда алгачкы жолу план б-ча 160,5 миң т, ал эми 1979-ж. 724 миң т. көмүр казылып алынган. Шаарда таш көмүр шахтасы, кийим тигүү фабрикасы (1968-жылдан иштейт), Жетиген» (1972-ж. ишке киргизилген «Профиль» заводу), «Коргонташ», «Тулпар» акционердик коомдору, «Гүлазык» нан заводу, банк, байланыш бөлүмү, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү, басмакана, дүкөн, ашкана, чайкана, ресторан жана башкалар иштейт. Транспорттук жана экономикалык байланыштары темир жана автомобиль жолдору аркылуу жүргүзүлөт. Көк-Жаңгак автобекети 1979-ж. курулган. Шаарда кесиптик-техникалык лицей, 5 орто мектеп, музыкалык мектеп, спорт мектеби, шаардык китепкана, 5 бала бакча, оорукана (1935-жылдан иштейт), дарыкана, тез жардам берүү бөлүмү (1934), музей (1985), маданият үйү, кинотеатр жана башка мекемелери бар. Cовет бийлигин орнотууда жана Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  1. 2017-жылдагы Кыргыз Республикасынын облустарынын, райондорунун, шаарларынын, шаар тибиндеги кыштактарынын калкынын саны, Численность населения Кыргызской Республики на 1 января 2017 года
  2. 2017-жылдагы Кыргыз Республикасынын облустарынын, райондорунун, шаарларынын, шаар тибиндеги кыштактарынын калкынын саны, Численность населения Кыргызской Республики на 1 января 2017 года