Балык, балык азыктары өзүнүн химиялык составы, даамдуулугу боюнча эт азыктарынан кем калышпайт, ал эми сиңимдүүлүгү андан да өтөт. Жаңы балыкта орто эсеп менен 15—22% белок, 0,2 — 30,8%ке чейин май жана бир аз углевод болот. Балыктын негизги белогу — ихтулин менен коллаген. Ихтулинде кишиге керек бардык алмаштыргыс аминокислоталар бар. Балык майы оңой эрийт жана жакшы сиңет. Ар кандай балыктарда майдын өлчөмү ар түрдүү болот. Майсыз (2%ке чейин) балыктарга — треска, навага, судак, өзөн ала-бугасы, чортондор; аз майлууларга (2—6% май) — сельдь, корюшка, каңылтыр, кара көз чабак, кой балык, каспий таман балыгы, жаян жана башка; майлуу (6—20% май) балыктарга — мекирелер, сигалар, кета, бүкүр сом, чавыча, омуль, скумбрия, ставрида жана башка; өтө майлууларга (20%тен көп май) лосось, ак балык, каспий миногасы, жылан балык жана башка кирет. Балык майы витаминге, айрыкча А жана Д витаминдерине бай.

Балык азыктарында минерал заттар (фосфор, кальций, магний, натрий, калий, иод, марганец, цинк) көп. Балык бат бузулуучу тамак-азыктарына кирет (к, Тамак-аш сактоо). Сапаты жакшы балык тунук былжыр менен капталып, түрпүлөрү тыгыз жайгашат; бакалоору ачык кызыл, көзү тостоюп, тунук болот, булчуңу сөөгүнөн кыйындык менен ажырап, бузулган белгилери болбой, балыктын өзүнө мүнөздүү жыты болот. Даамын өзгөртүү жана сактоо мөөнөтүн узартуу үчүн ар кандай ыкмалар — туздоо, ыштоо, маринаддоо жана башка колдонулат. Туздаганда белок, минерал заттар жана сууда эрүүчү витаминдер азаят. Бир катар ооруларда туздалган, маринаддалган, ошондой эле ышталган балыктарды жегенге болбойт. Тоңдурулган чийки балыкты аз туздаган (үй шартында) жана чала бышырылган балыктарды жегенде кээ бир мите оорулары (дифиллоботриоздор, описторхоз) пайда болот. Ысытып ышталган сапаты начар балыктар тамактан уулануунун өтө оор түрү — ботулизмге алып келет. Жаңы балыкты муздаткычта 2 сутка, тоңдурулган балыкты 2 сутка, аны муздаткычтын тоңдургучунда 15 суткага чейин, кадимки шартта 1 суткага чейин сактоого болот. Бузулганда балык киргилт былжыр менен капталып, ичи көөп, бакалоор тешигинен жаман жыттанат.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8