Балык (Балык Ооз), (Балыкооз) Бекмурат Кумар уулу (1793(99), Кетментөбө, Коңурөгүз кыштагы - 1873(87),Чүй өрөөнү, Арчалы айылы) - манасчы, ырчы.

Өз аты Бекмурат. Балык - эл тарабынан коюлган ылакап аты.

Атасы Кумар сарыбагыш уруусунун ичинен чоңарык деген уруктан чыккан. Кумар туугандары менен Чүй өөрөнүнөн Таласка көчүп кетишет. Бекмурат Таласта төрөлөт. Атасынан эрте ажыраган Бекмурат күндөлүк оокат үчүн жергиликтүү байларга жалданып күн көрөт. Бекмурат эл жомокторун, ырларды жана «Манасты» 13-14 жашынан баштап айыл арасында айта баштаган. 20 жашка чыкканда кадимкидей жамактап чоң топко ырдап чыккан.

Ал да салт боюнча «Манас» айтып калуусун түш көрүүгө байланыштырган. Бекмурат жаш кезинде Намангенге мал айдап баратканда жаанда калат. Жаандан коргологон Бекмурат Манастын күмбөзүнө баш калкалап, чарчаган неме уктап кетип, түш көрөт. Бекмуратка түшүндө Манас баатыр кырк чоросу менен келип, өздөрү жөнүндө айтып жүрүүгө, ал түгүл Намангенге чейин минип барууга атайын ага «тору кунан арнап берет». Манас берген мингичти Бекмурат мал айдап кетип бараткан жолунда Кабак деген жерден таап алат. Бекмурат кийин «Манасты» айтып калган себебинин эң негиздүүсү катары ошол күмбөзгө түнөгөнөн себеп кылып, көп эскерип жүргөн.

Б-тын «Манасты» кимден үйрөнгөндүгүн далилдөөчү так материал жок. Б. «Манасты» өзүнөн мурункулардан укканын жокко чыгарууга болбойт. Ага түрдүү жерден жыйналган «Манастын» варианттарынын ортосундагы жалпылык Б-тын вариантында да бардыгы далил болуп турат. Экинчиден, жазгыч акын, манасчы бир чети эл оозеки чыгармасын эң сонун билген Тоголок Молдонун маалыматына караганда Б. «Манасты» Ноорустан уккан сыяктуу.

Биринчи жолу Б. «Манасты» Наманген шаарынын Кушбегинин астында айтат. Ал «Манасты» ушунчалык берилип айтканын жогору баалаган Кушбеги баалуу сыйлыктар менен сыйлап, таластык манаптарга жакшылап көз салып, урматтагыла деп кат жазып берет. Ошондон тартып ал урмат-сыйга бөлөнүп, эл астында «Манасты» айтып жүрөт. Б-тын манасчылык даңкы элге кеңири жайыла баштаганда, солтонун белгилүү манабы Байтиктин чакыруусу менен Чүйгө көчүп келет. Б. 75 жаш курагына келгенде Байтик дүйнөдөн кайтат. Улгайып калган Б. Кочкорго туугандарына көчүп барып, үч жылга жашап калат. Б. Кочкордо турганда он жаштагы Шапак Рысменде уулу менен кездешет. Балыктын улуу мурасын, айтуу чеберчилигин үйрөнө баштайт. 75 жаш курагында да Б-тын бетине бырыш түшпөгөн, кыпкызыл болуп, үнү жаш кезиндегидей шаңкылдап бийик чыга тургандыгын Шапак эскерет. Үч жылдан кийин ал Кочкордон кайра Чүй өрөөнүнө көчүп келет да 80 жаш курагында кайтыш болот. Анын сөөгү Байтиктин жанына, Бозбөлтөктүн этегине коюлат.

Б-тын чыгармачылыгы үч түрдүү багытта өнүккөндүгү байкалат. Б-тын биринчи негизги кесиби - «Манас» айтуу болгон. Экинчи орунда жамактап ырдоо, ырчылык кесиби турган. Ал эми аксакалдар менен отурганда же тар чөйрөдө санжыра айткан. «А дегенде үч чай кайнам айтсам, кийин үч айга чейин айтсам түгөнбөдүбү» деп чыгармачылыгы күчөп, атагы алыска кеткен мезгилди айткан экен. Б. «Манас» айтканда аккан суудай шар кетип күнү-түнү айта берчү, - деген эл сөзү чың сезилет.

Ал эми Б-тын өзүнүн сөзүнө караганда «Манас» эпосу эки бөлүмдөн турган: биринчи бөлүмүнүдө «Манастан» мурдагы кыргыз тарыхы, ал бөлүм «Оторкан» аталат, экинчи бөлүмү - Манастын окуялары. «Манас» бөлүмүндө катагандын кан Кошой, Бокмурун кан, Коеш кан, Жүгөрү кан, Үрпү кан, Музбурчак, Жамгырчы, Айдаркан, Көкчөкан, Буудайыккан ж.б. баяндалган.

Анын айткан «Манасындагы» байыркы замандан бери келе жаткан салттык өзөк окуяларды сактап, жолун жолдоп, чыгармачылык үлгүсүн уланткан шакирттери Шапак Рысменде уулу менен Сагымбай Орозбак уулу болгон. Уулу Найманбай да атасынан манасчылык кесипти үйрөнүп, эл арасына манасчы катары таанылган Найманбайдын айтуусунда Б-тын варианты боюнча айрым эпизоддордон үзүндү биздин күнгө жеткендигин айтууга болот. Мисалы, «Таласты мактоо», «Манастын кээ бир кийимдери», «Манастын күмбөзү» ж.б. Б-тын вариантына таандык үзүндүлөрдү Каюм Мифтаков Сулайман Рыскулбек уулунун аткаруусунда жазып алган.


Пайдаланылган адабияттар:

1. Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк: Мектеп окуучулары үчүн. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы Редакциясы, 1990. 113 б. ISBN 5-89750-028-2
2. Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук/ Башкы редактор Орузбаева Б. Ө./ - Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977-1980. - Том 1-6.