Манастын күмбөзү — орто кылымга (14-к.) таандык архитектуралык эстелик. Эпос жана эл ичиндеги уламыш боюнча баатырды эскерип жүрүш үчүн бейитине анын жары Каныкей атайын тургузган көрөсөндүү курулуш. Ал ушул кезге чейин сакталган. 1893-жылда орустун белгилүү изилдөөчүсү академик В. В. Бартольддун Орто Азияга жасаган илимий саякаты жана 1895-ж. Ташкен шаарындагы археология ышкыбоздордун Түркстандык ийриминин уюштурулушу М. к-нүн илимий негизде изилденишине өбөлгө түзүлгөн. Ошол жылдары В. В. Бартольд тарабынан М. к-нүн абалы, негизги архитектуралык мүнөздөмөлөрү кагазга түшүрүлүп, ченөө иштери аткарылган. 1923-ж. Түркстандын архитектуралык эстеликтерин мамлекет тарабынан корукка алуу тууралуу атайын декрет жарыялагандан кийин М. к. Кыргыз мамлекет тарабынан коргоого алынган. Ал ким тарабынан качан, кимге арналып курулган деген көптөгөн суроолорго күмбөздүн башкы фасадындагы «куфи» жазмасындагы жазуу жооп берди. Жазуунун толук жандырмагын 1938-ж. А. М. Беленицкий сунуш кылып, кийинчерээк М. Е. Массон айрым өзгөртүүлөрдү кийирген: «Улуу даражалуу мазар», жакшылардын жакшысы, даанышман, сыпайы, бактылуулардын нускасы, кудаа таалага ылайык иштердин төртүнчү доордогу эгеси, аялдардын эң даңктуусу Кенизек-Хатун, урматтуу эмирдин кызы, марттык менен ырайымдын булагынын кылычы да, каламы да жеңилбес, Абуке эмирдин, алардын сырын кудаа таалам билгилик кылбасын да жүргөн жерин бейиш кылсын..

Бул Рамазан айынын башында болгон да ал касиеттүү кудаа тааланын төртүнчү жылдагы «айы» жазуунун аягы сынып жок болгондуктан күмбөз 14-кылымдын кайсы он жылдыгында тургузулгандыгын аныктоого мүмкүн эмес. Буларды тарыхый маалыматтар менен бирге талдап Дуба кан эмир Абуке атасы, Кенизек-Хатундун чоң атасы экендиги жана Кенизек-Хатун 1334-ж. 6-майда жума күнү дүйнөдөн кайткандыгы аныкталган. Кенизек-Хатундун күмбөзүн эл ичинде М. к. деп аталганы баарыбызга белгилүү. «Семетей» эпосунун көпчүлүк варианттарында М. к. Талас өрөөнүнөн алыс эмес суу жээгиндеги Төрткүлдүн төмөн жагында Кайнардын как өзүндө курулгандыгы айтылат, башкача айтканда күмбөздүн төбөсү шоңшойбостон томпок (сферический) болуп тургузулат, анда Манастын курал-жарактарынын баары коюлуп, дубалдын ички бетин толтуруп, эпикалык баатырлардын жүрүштөрү, кан майдандагы салгылашуулары, айрымдарынын жеке портреттери тартылгандыгы айтылган. Чындыгында ушул көрүнүштөгү архитектуралык курулуштардын 6—8-кылымдарда Пенжикент, Варахша, Афрасиаб шаарында кенен колдонулгандыгы белгилүү. Алардын дубалдарынын ички беттерине «Шахнаме» эпосунун эпикалык сюжеттеринен образдуу сүрөттөрдүн тартылгандыгы археологиялык казуулардан маалым. Мамл. мекеме жайларды, сарайларды эпикалык сюжеттерден алынган сүрөттөр менен кооздоо бир кезде өзүнчө салтка айланган. Ушунун негизинде 8 — 10-кылымда Талас өрөөнүндө Текабкет, Шельджи, Сус, Куль, Ак-Төбө шаарларындагы сарайлардын ички бети элдик чыгармалардагы эпикалык сюжеттерди чагылдырган сүрөттөр менен кооздолгон сыяктанат. Анткени, 1903-жылдагы айрым маалыматтар боюнча күмбөздүн дубалдарында сүрөттөр болгон. Бирок, кандай мааниде экендиги белгисиз. Албетте, сүрөттөрдү «Манастын прототиптериники дешке негиз жок, бирок мындай пикирди таптакыр жокко чыгарууга да болбойт. Демек, эстеликтин М. к. деген атка конушу жок жерден чыккан эмес, анын элдик оозеки чыгармачылык менен байланышкан себептери бар экендиги шексиз. Уламыштардын дагы биринде күмбөздү Семетей салдыргандыгы айтылат Кыш жасоо үчүн топуракты алыстан алдырып, ылайга эчкинин кылын кошуп, бышкан кыштарды эркечтин майына кайнаткан дешет. М. к. жөнүндө эпосто төмөндөгүдөй саптар бар:

Жети миң эркеч бир кырып,

Кыш бышырып бек салды.

Жети кылым өткүчө

Жетигимдин күмбөзү

Бузулбай турсун деп салды

Алты миң эркеч бир кырып,

Кыш кайнатып бек салды,

Алты кылым өткүчө

Айкөлүмдүн күмбөзү

Бузулбай турсун деп салды (Саякбай Каралаев, 1. 238). Кыштын топурагынын составынан Кеңкол дайрасынын жайыктарына мүнөздүү болгон кесек кумдун табылышы кыш даярдоо үчүн жергиликтүү материал пайдалангандыгын айгинелейт. Кээ бир кыштарда кам кезинде беттерине батып калган айбанаттардын издери бар.

Ал издер Талас өрөөнүндө таралган айбанаттарга таандык экени далилденген. Ошентип, М. к. Чүй, Талас өрөөндөрүндө отурукташкан «Согдалыктардын» салттык архитектурасынын негизинде курулуп (9—10-кылымда) кийинки тынымсыз кагылыштардын биринде кыйрап жок болгон. Бирок, 14-кылымда курулуп, кийин ушул чөлкөмдө жападан жалгыз бүтүн калган күмбөздү эл өзүнүн сүйүктүү баатыры

Манастын ысымы менен байланыштырып айтып калган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4