Банда (этнос)
Банда — африкалык этнос. Борборбордук Африка Республикасында (Убанги менен Шари куймалардын ортосунда),
Конго Демократиялык
Республикасында (Убанги дарыясынын бурулушунун ички бөлүгүндө), ошондой эле Камерунда жана Түштүк Суданда жашайт.
Жалпы саны — 1,3 млн адам.
Банда | |
Банда жоокери | |
Мамлекеттер жана аймактар | |
---|---|
Бардыгы: 1,3 млн адам | |
Тили | |
Дини |
католицизм, |
Расалык тиби |
Тил
Банда тилдеринде сүйлөшөт. Калктын бир бөлүгү француз тилин билет.
Дин
Көпчүлүк христиандар (католиктер). Жергиликтүү салттуу ишенимдер сакталууда. Мезгилдик оруп-жыюу үчүн ата-бабалардын арбагына курмандык чалуу ырым-жырымдары жасалат. Ислам кабыл алгандарды "рунга" деп аташат.
Чарбалык иштер
Негизги кесиби — дыйканчылык (жүгөрү, маниок, таро, пахта) жана малчылык. Аралаш эгиндер мүнөздүү. Эмгек куралдары — балта, кетмен, кесүүчү шакекче. Айрым топтор жыйноочулук жана балык уулоо менен алектенишет.
Кол өнөрчүлүк
Жыгачтан оюу жана карапачылык (идиштер геометриялык оюм-чийим менен капталган) өнүккөн.
Тарых
Азыркы мекенине банда уруулары Дарфурдан келген деп эсептелет. Орто кылымдарда мусулман кул соодагерлеринин жортуулдарынан банда эли абдан жапа чеккен. Жортуулдардын кесепеттери элдин демографиясына таасирин тийгизген. Көпчүлүгү түштүккө жана батышка Убанги дарыясын бойлоп көчүп кетишкен. Француз колонизаторлорунун келиши менен кул сатуучулардын жортуулдары токтотулган.
Маданият
Бул этникалык топ ритуалдык жана жалпы максаттар үчүн колдонулган жыгачтан жасалган буюмдары, ошондой эле чоң барабандары менен белгилүү.
Банда-Янгере сыяктуу ар кандай аталыштар берилген бул барабандар майрамдар жана билдирүүлөр үчүн колдонулган.
Банда элинин кызыктуу экспонаттарынын бири — капталдарына кыйшайтып чыгып турган үч сабагы (пычактары) менен бутак (же гүл) түрүндө жасалган ондо ыргытуучу бычак.
Коом
Банда элинин бойго өтүүнү тааныган семали ырымы бар. Тойлордо нике баасы түрүндөгү сеп салттуу түрдө үй-бүлө үчүн темир шаймандарды камтыган.