Баралбас өрөөнү

Баралбас (өрөөн)‎»‎ барагынан багытталды)

Баралбас, өрөөнү - Борбордук Теңир-Тоодо, Ак-Шыйрак суусунун алабында. Батышынан жана түндүгүнөн Борколдой, түштүгүнөн Боз-Жалпак, Ак-Зоо тоолору менен чектешет. Узундугу (Кайчы суусунун чатына чейин) 63 км, жазы жери 2 км. Деңиз деңгээлинин бийиктиги - 2900–3700 м, курчап жаткан тоолордун салыштырмалуу бийиктиги: 300–900 м.

Өрөөндүн башы эки айрыкка бөлүнөт: сол айрыгы Ыштык өрөөнү деп аталат, анын башында Ыштык ашуусу бар (3689 м бийиктикте). Өрөөндө байыркы мөңгүнүн таасиринен пайда болгон рельефтин формалары басымдуу. Баш жагында узундугу - 20 км келген тепши сымал өрөөн, андан төмөн өрөөн кеңейип, 6 тектирден турат. Бикиртик жана Кайчы сууларынын чаттарынын аралыгында (12 кмге) өрөөн кууштап терең (800–1000 м) капчыгай аркылуу Ак-Шыйрак өрөөнүнө чыгат.

Тоо негизинен девон менен карбондун татаал бүктөлүүгө дуушарланган акиташ теги, сланец, кумдук, жанар тоо тектеринен турат. Оюнда палеоген-неогендин жана антропогендин борпоң чөгүндүлөрү майда адырларды түзүп жатат.

Климаты континенттик, суук. Январдын орточо температурасы –20...–21°С, июлдуку 4–5°С. Жылдык жаан-чачыны 300–350 мм. өрөөнгө субальп, альп шалбаасы жана шалбаалуу талаасы (3400 м бийиктикке чейин), андан жогору субнивалдык ландшафттары мүнөздүү.

Адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан географиясы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору».-Бишкек.:2004