Бариттүү үңкүрүНоокат районундагы Төө-Моюн тоосунун түштүк капталында жайгашкан үңкүр.

Үңкүр 1940-ж. академик Д. И. Щербаков тарабынан табылган. Карбондун акиташ тектүү катарларында пайда болгон.

Эки оозу (жасалма жана табигый) бар: атайы казылган оозу 2ч2 м жана табигый оозу 1,8ч2 м, тереңдиги 18 м.

Үңкүрдү каптаган кальцит менен бариттин кристаллдары өзгөчө кызыгууну туудурат. 1940-жылдары академик А. Е. Ферсман изилдеп, анын дүйнөдө кайталангыс жерлери бар экендигин белгилеп кеткен. Азыр анын көп бөлүгү урап бузулган.

Суктанаарлык жерлери («белгилүү кристаллдары») сейрек кездешет. «Жапайы» изилдөөчүлөр кооздуктарды жоготууга чоң аракеттерди жасаган.

Адабият түзөтүү