Барктабас Абакиров

Өмүр жолу түзөтүү

Акын жана журналист Барктабас Абакиров 1933-жылы Наарын областынын Кочкор районундагы Ленин атындагы колхоздо колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган. Орто мектепти бүтүргөндөн китйин Фрунзедеги К, И, Скрябин атындагы айыл чарба институтунун зоотехникалык факультетине кирип, аны 1955-жылы ийгиликтүү бүтүп чыккан.
Кийин колхоздордо жана совхоздордо зоотехник болуп иштеген. Институтта окуп жүргөндө алгачкы ырлары 1954—жылдан тартып республикалык “Кыргызстан пионер” жана “Ленинчи жаш” газеталарынан жарык көргөн.
Б, Абакиров 1960-жылдан баштап газета кызматына өтөт. 1960-63-жылдарда “Советтик Кыргызстан” газетасында адабий кызматкер болуп иштеген. 1961-жылы жаш жеткинчектерге арналган “Чаарчык” деген алгачкы ырлар жыйнагы жарык көрөт.
Б, Абакиров 1968-70-жылдарда Москвадагы КПСС Борбордук Комитетинин алдындагы жогорку партиялык мектептин журналистика бөлүмүн бүтүрүп келгенден кийин Кыргызстан КП Борбордук Комитетинин аппаратында жоопту кызматта иштеген.
Б, Абакиров 1961-жылдан бери КПССтин мүчөсү жана СССР журналисттер Союзунун мүчөсү . 1973-жылы СССР жазуучулар Союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынган. 1971-жылдан бери Наарын областтык “Нарын правдасы” газетасынын редактору жана журналисттер союзунун областтык бөлүмүнүн председатели болуп иштейт. Партиянын Нарын обкомунун мүчөсү, областык Советтин депутаты.

Сыйлыктаы түзөтүү

Б,Абакиров, “Ардак белгиси ” ордени, “Каарман эмгеги үчүн. Владимир Ильич Лениндин туулган күнүнүн жүз жылдыгынын урматына” медалы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун грамотасы менен сыйланган.

КИТЕПТЕРИ түзөтүү

Кыргыз тилинде.
Чаарчык. (Ырлар) Фрунзе, Кыргызокуупедмамбас, 1961. 61 бет.
Сапар. (Ырлар), “Кыргызстан” басмасы, 1965. 117 бет.
Күз күнү. (Ырлар) Фрунзе, “Мектеп” басмасы, 1966. 75 бет.
Тоо таңы. (Ырлар жана поэма) Фрунзе, “Кыргызстан” басмасы, 1969, 100 бет.
Бийик жерде. (Ырлар жана поэма) Фрунзе, “Кыргызстан” басмасы, 1973. 72 бет.
Нарын агат. (Ырлар жана поэма) Фрунзе, “Мектеп” басмасы, 1975. 93 бет.

МАКАЛАЛАР, РЕЦЕНЗИЯЛАРЫ, ОЧЕРКТЕРИ түзөтүү

Кыргыз тилинде.
Башкы тема.-“Советтик Кыргызстан”, 1972. 5-май.
Жаңы кадам.-“Советская Кыргызия”, 1973. 5-май.
Гүлдөгөн Монголия.-“Нарын правдасы”, 1974, 27-апрель.
Жумушчулар.-“Нарын правдасы”, 1974, 28-апрель.
Калемибиз курчуй бермекчи.-“Ленинчи жаш”, 1974, 24-сентябрь.
Тоо жаңырткан обондор.-“Нарын правдасы”, 1974. 30-октябрь.

ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫ ЖӨНҮНДӨГҮ МАКАЛАЛАР түзөтүү

Кыргыз тилинде.
Карымшаков С. Акын болсоң айтканга . “Ленинчил жаш”, 1962. 21-ноябрь.
Жүндүбаува Н. Жаштар чыгыамачылыгына ар тараптан жардам.-“Нарын правдасы”Ю 1974, 29-июнь.
Жүндүбаува Н. Жаштар чыгыамачылыгына жардам.-“Кыргызстан маданияты”, 1974, 26-сентябрь.
Курманкулов Б. Нарын агат. “Ленинчил жаш”, 1975, 31-декабрь.

Колдонулган адабият түзөтүү

Ж.Самаганов "Кыргызстан" Басмасы Фрунзе-1976ж.