Ийне сайманын бир түрү. Мында чеберлер адаттагыдай жердиктин алдынан учук өткөрүшөт. Абалы башынан баштап белгилүү аралыкты (бир см. дей) аягына дейре бир сайып алат. Аны кайра башынан дагы үч-төрт жолу сайып тартат. Эми ортосунан эки курдай тигил сайылган жиптерди байлай саят. Сайма учуна жетип, жогорудагыдай сайылган жиптерди кайра байлай саят. Анын жогорудагыдай үч-төрт жолу жарыш сайып алууну кайрадан баштайт. Демек, басма саймада жарыш саюу жана байлай саюу менен атайын чийилген көркөм көчөттөрдүн жолу боюнча жогорудагыдай ыкма кайталана берилет. Басма сайма менен «кийим жапкыч», «терезе парда», «кровать жапкыч», «телевизор жапкыч», «газета салгыч», «радио жапкыч» жана ушул сыяктуу үйдүн жасалгасынын жүзүн ачуучу буюмдар сайылат. Басма саймасы менен көркөм көчөттүн ордуна көбүнчө гүлдөрдүн түрүн саюу жүзөгө ашып келген. Уз басма саймасын саюуга отурууда эрикпей улам жердигин карап кылдат саят. Мисалы, сайылып жаткан көчөттү толтуруп жатканда, ошол тапта байкабай жипти катуу тартып алса, сайылып жаткан кездеменин бырышып калышы мүмкүн. Ал эми сайым өтө эле бош ташталса, жиби чыгып калат. Ошондуктан, саймачы жипти катуу да, бош да тартпайт. Мында сайманы баштаганда кездемеге жиптен узунураак бир таякча алат да, түшүрүп жаткан көчөттүн көлөмүнө жараша белгилүү бир шартта кайрадан үстүнөн бастырып жүрүп отурат. Мына ушул көчөттүн ичин толтуруп бүтмөйүнчө ушул эле ыкманы кайталап кете берүү керек. Басма саймасынын да башка саймалардан бөтөнчөлөнгөн кооздугу бар. Ал жердикке бышык болуп түшөт. Жердик эскирип, жыртылып калганда да басма сайманын жиби ошол бойдон сакталып кала берет. Албетте, ар бир чебердин чыгармачылык «кыялдануусу» ар башкача сезилет. Бирок, кээ бир уздар көрүп сайганды жакшы көрүшөт. Жиптердин өңүн көк, ак, кызыл, кара жана жашыл менен ич ара жупташтырып берүүдө уздук мамиле керек.


Маалыматтын булагы

түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)