Баткибекова Минира (1940-ж. туулган, Чүй облусу, Москва району, Октябрь кыштагы) химия илимдеринин доктору (1990), профессор (1991). Эл аралык инженердик академиясынын (1986) жана КРдин Инженердик академиянын академиги (1994). Болгариядагы тамак-аш өнөр жай жогорку институтун бүтүргөн (1962). ФПИде окутуучу, доцент, профессор, кафедра башчысы, декан, проректор болуп иштеген. 1997-жылдан КТУнун Химия-технология илим-изилдөө институтунун директору. Химиялык термодинамика, тамак-аш химиясы, экология боюнча адис. КРдин билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкери (1995). Эмгектери: Физикалык химиянын кыскача курсу. Б., 1999; Физико-химические свойства комплексных соединений пентахлорида сурьмы с органическими лигандами. Б., 1997; Сборник задач и упражнений по химии. Б., 2000.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4