Башка болмуш (орус. Инобытие) (нем. Anderssein – башкадагы болмуш, башкача болмуш, башка формадагы болмуш) – Гегелдин диалектикасында карама-каршы формага, жаңы сапаттык абалга өтүп жаткан учурду чагылдырган категория; негизинен идеянын жаратылыштагы сезимдик нерселерге айлануусу менен байланыштуу абсолюттуу идеянын өнүгүшүндөгү белгилүү бир этап катары каралган табиятты түшүндүрүүдө колдонулган.

Башка болмуш категориясы карама-каршылыкка өтүү процессинин статикалык учурунда кирет да, мындай өтүүнү процесстин эмес, убактылуу, өзгөрмөлүү болгон натыйжанын көз карашында мүнөздөйт. Ошол эле учурда Башка болмуш категориясында сөз болгон статикалык жана натыйжалык учурлардын Гегель «бар болмуш (орус. “наличное бытие”) – деп атаган мурдагы учур менен болгон байланыш баса көрсөтүлөт: « Башка болмуш...бар болмушка эч тиешеси жок, андан сырткары жашаган нерсе эмес, бар болмуштун моменттеринин бири болуп саналат» (Гегель. Соч., т. 1, –М. –Л., 1929, 158–159-б.). Башка болмуш категориясынын мындай өңүтү Гегелдин окуусунда «башка» түшүнүгүнөн түп-тамырынан бери айырмаланган «өздүк башка» (орус. «свое другое») түшүнүгү аркылуу чагылдырылган: «өздүк башка» – каалагандай эле нерсеге эмес, «өздүк башка» тануу (четке кагуу) катары суурулуп чыккан белгилүү бир конкреттүү нерсеге карата болгон карама-каршылыкты түшүндүрөт.

Диалектикалык материализмде Башка болмуш категориясынын мындай өңүтү диалектикалык тануу (четке кагуу) түшүнүгү аркылуу берилет (Энгельс аны конкреттүү же анык тануу) четке кагуу деп атаган. «Башка болмуш» термини Гегелдин идеалисттик системасында көп мааниге ээ болгондуктан, ал эреже катары, диалектикалык материализмде колдонулбайт. Анткени, жогоруда белгиленгендей, ал Башка болмуш категориясынын ар кандай жактары менен өңүттөрүн мүнөздөөгө «карама каршылык», «сапаттык жаңы абал», «диалектикалык тануу (четке кагуу)» ж. б. категориялары менен алмаштырылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү