"Баш кесер" (англ. Sicario, орус. Убийца) — 2015-жылы тартылган америкалык криминалдык драма тасма. Режиссеру Дени Вилнев, сценарийдин автору Тэйлор Шеридан. Башкы каармандардын образдарын жараткандар Эмили Блант, Бенисио Дел Торо жана Жош Бролин. Тасмада Американын Федералдык чалгындоо кызматынын (ФЧК, англ. FBI) өз ишине так тыңчысына мексикалык маңзат тобунун катаал жана күчтүү башчысын жок кылуу боюнча мамлекеттик тапшырма берилгени тууралуу баяндалат. "Баш кесер" 2015-жылы Канн кинофестивалынын "Алтын пальма бутагы" сыйлыгы үчүн ат салышкан. АКШда 2015-жылдын 18-сентябрынан тарта чектелген түрдө көрсөтүлүп, ошол эле жылдын 2-октябрынан тарта дүйнө жүзүндө кинотеатрларга чыккан.

Баш кесер (тасма)
Режиссеру Дени Вилнөв
Продюсер Бэзил Иваник
Эдуард Макдоннел
Молли Смит
Тад Лакинбилл
Трент Лакинбилл
Жазуучу Тейлор Шеридан
Оператору Рожер Дикинс
Тартылгандар Эмили Блант
Бенисио Дел Торо
Жош Бролин
Виктор Гарбер
Жон Бернтал
Дэниэл Калуя
Музыкасы Йоханн Йоханнссон
Редактору Жо Уолкер
Студия Black Label Media
Thunder Road
Жайылтуучу Lionsgate
Чыккан жылы
  • май 19, 2015 (2015-05-19) (Канн)
  • сентябрь 18, 2015 (2015-09-18) (АКШ)
Узактыгы 121 мүн.[1]
Өлкөсү  АКШ
Тили Англис
Бюджети $30 млн[2]
Киреше $85 млн[3]

Тасма "Оскар" сыйлыгынын "Эң мыкты оператордук иш", "Эң мыкты музыка" жана "Эң мыкты үн монтажы" наамдарына көрсөтүлгөн. Ошондой эле BAFTA үч номинациясы, "Эң мыкты экинчи пландагы актер", "Эң мыкты оператордук иш" жана "Эң мыкты музыка" боюнча да ат салышкан. Тасма Мексикадагы көрүүчүлөр тарабынан башкы окуя орун алган Хуарес шаарынын чагылдырылганы үчүн сынга алынган. Сиквели же уландысы болгон "Аскер" тасмасын тартуу иштери 2016-жылдын ноябрында башталган.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү

  1. Sicario (15). British Board of Film Classification (July 27, 2015). Текшерилген күнү 28 -июль (теке) 2015.
  2. Дени Вилнөв returns to morality's shifting line with 'Sicario. Лос-Анжелес Times. Текшерилген күнү 11 -сентябрь (аяк оона) 2015.
  3. Sicario (2015). Box Office Mojo. Текшерилген күнү 10 -август (баш оона) 2016.