Беджа (эл)
Беджа (будша, бедауйе, бедавир) — Судандын чыгыш аймактарын (1,9 млн), Мисирдин түштүк-чыгыш аймактарын (145 миң) жана Эритреянын түндүк-батыш аймактарын (125 миң) байырлаган кушит эли.
Беджа | |
Беджа малчылары | |
Мамлекеттер жана аймактар | |
---|---|
Бардыгы: 2,17 млн (2005ж.) | |
Тили |
беджа, араб |
Дини |
мусулмандар |
Расалык тиби | |
Кирет |
Жалпы саны 2,17 млн адам (2005ж.).
Уруулар
түзөтүүБишарин (бисарин, бисариаб), хадендоуа (хендава), амарар (үчөө биригип беджа элин түзөт), халенга, абабде, бени-амер. Абабде уруусун теги араб, бени-амер урусунун теги — тигре.
Тил
түзөтүүБеджа тилинде сүйлөшөт. Бени-амер — тигре. Араб тили да кеңири таралган. Беджа тили кушит тилдердин бири. Беджа тили уруулук диалектилерге бөлүнөт.
Ишенимдер
түзөтүүИшенгендер сүннөттүк Исламдын шафит мазхабын тутушат.
Тарых
түзөтүүБеджа — байыркы автохтондук эл. Байыркы Египет булактарында алар "маджаи" этноними астында эскерилет. Алар Мероит жана Аксум падышалыктарынын, нубиялыктардын бийлиги астында болушкан. Беджа падышалыгы 7-8-кылымдарда болгон. Беджа эли узак убакыт бою араб экспансиясына каршы турушкан. 8-кылымда беджалар Эритреянын жерлерин басып алышкан. 9-10-кылымдарда ислам дини жайыла баштаган. Түштүктө христианчылык 15-кылымга чейин сакталып калган. 19-кылымдын аягында махдисттердин көтөрүлүшүнө катышкан. 20-кылымдын аягынан бери саясий көз карандысыздыктын талаптары коюлуп келет. Алар куралдуу кагылышууларга (Дарфур, Эритрея менен Эфиопия жана Судан менен Эритрея ортосундагы конфликтер) катышкан.
Экономика
түзөтүүСалттуу чарба көчмөн (меридионалдык багытта көчүп жүрүшөт) мал чарбасына (төө, майда мүйүздүү мал) негизделген. Эң престиждүү төө чарбасы (өзгөчө түндүктө бишарин менен амарарда өнүккөн). Беджанын жарымы (төмөнкү касталык) — дыйканчылык бөлүгү. Кызыл деңиздин жээгинде жашаган абабде — балыкчылык менен алектенишет. Айрымдары (халендоуа) пахта плантацияларында иштешет. Кээ бирлери табигый жыпар жыттуу чайырларды чогултушат.
Тамак-аш
түзөтүүСалттуу тамак-ашы: төөнүн жана эчкинин сүтү. Кофе. Ботколор.
Салттуу кийим
түзөтүүЭркектердин салттуу кийими — узун көйнөк (галабея), кенен шым, чалма. Аялдардыкы — узун кара көйнөк, кенен шым, жоолук.
Эркектердин салттуу чач жасалгасы (тиффа) баштын төбөсүндө чач үйүлмө түрүндө болот. Ошондуктан, махдисттик көтөрүлүш учурунда британдыктар аларга «фуззи-вуззи» (англ. «fuzzy-wuzzy» — «үлпүлдөктөр») деп каймана ат коюшкан.
Коом
түзөтүүПатрилинейлик кландар, салт укугу (салиф), касталык-уруулук система сакталып калган.
Маданият
түзөтүүУлуттук фольклор (мифтер, жомоктор, эпостор, макалдар) сакталып калган.
1994-жылдан бери Кызыл деңиз университетинде (Порт-Судан шаары) беджа элинин маданиятын изилдөө борбору иштейт.