Бейтаптардын укуктарын жана эркиндиктерин саламаттыкты сактоо кырдаалына карата кыйла фундаменталдуу түшүнүк деп билүү керек.

Бейтаптын укуктары — бул жалпы жарандык, саясий, экономикалык, социалдык жана маданий адам укуктарынан келип чыккан, медициналык жардамды жана ага байланыштуу кызматтарды алууда же жарандарга карата колдонулуучу кандайдыр бир медициналык кийлигишүүгө байланыштуу жөнгө салына турган белгилүү бир укуктар. Медициналык жардам алып жаткан жак (адам) үчүн мыйзамдуу түрдө алынуучу мүмкүнчүлүктөрдү да бейтаптын укуктары деп атасак болот.

Бейтаптардын укуктарын "жарандардын саламаттыкты сактоого болгон укуктары" түшүнүгүнөн айырмалоо керек, анткени бейтаптын укуктары кыйла кууш мааниде колдонулат. Бул медициналык жардам көрсөтүү процессинде пайда болгон же анын бүт контекстине чечүүчү таасир эткен укуктар. Жалпысынан бейтаптын диспозициясы анын абалынын жана жүрүм-турумунун жалпы алкагын белгилейт, ошондой эле, бейтапка медициналык жардам көрсөткөндөргө (дарыгер) белгилүү бир милдеттенмелерди жүктөйт.

ТарыхыОңдоо

Бейтаптардын укугун коргоо кыймылы  ХХ кылымдын 70-жылдарында түзүлгөн. Ар кайсы өлкөлөрдө ар кандай жол менен башталган, бирок АКШ бул процесстин лидери болгон. 1972-жылы Америкалык ооруканалар ассоциациясы Бейтаптардын укуктары жөнүндө биллди кабыл алган. Белгилей кетүүчү жагдай, АКШдагы бейтаптардын укуктары боюнча кыймылдын демилгечиси ооруканалардын администрациясы болгон, бирок буга ар кандай себептер (анын ичинде пациенттердин жана алардын жакындарынын кысымы) түрткү берген. Ал эми 1974-жылдан баштап бир катар штаттар бейтаптардын укуктары боюнча ченемдерди кабыл ала баштаган[1].

Бейтаптын укуктарына арналган эң маанилүү эл аралык документ 1981-жылкы Лиссабон декларациясы болгон. (Дарыгер пациенттин кызыкчылыгында өзүнүн абийирине ылайык, ал иш алып барган өлкөнүн укуктук, этикалык жана практикалык стандарттарын эске алуу менен иш алып барышы керек. Бул Декларация медициналык коомдоштуктун көз карашы боюнча ар бир пациентке таандык негизги укуктарды тастыктайт). Анда көптөгөн өлкөлөрдүн улуттук мыйзамдарынын негизин түзгөн пациенттердин укуктарынын тизмеси киргизилген. Бейтаптардын укуктарын өнүктүрүү - бул жалпы демократиялык, адам укуктары жана социалдык-маданий кыймылдын бир бөлүгү, ал адам укуктарын таануу жана коргоого багытталат. Бул кыймыл азыркыга чейин күч алууда; анын ичинде сабырдуу бирикмелер сыяктуу таасирдүү күчтөр барган сайын активдешүүдө.

Мындай уюмдар бейтаптардын, медициналык коомчулуктун жана бийликтин кеңири чөйрөсүнүн ортосунда институционалдык ортомчу катары иш алып барат. Алар пациенттин жана керектөөчүнүн укуктарын коргоп, Медицина институту менен уюшкан мамиледе болуп, өкүлчүлүктүү органдарда алардын кызыкчылыктарын коргоп, жакшы макулдашылган кысым топторун түзүшөт. Ошентип, коом (анын ичинде кызыкчылык топтору тарабынан көрсөтүлгөн) саламаттыкты сактоо системасына таасир этүүчү жана зор күчкө айланат.

Кыргыз РеспубликасындаОңдоо

Жарандардын ден-соолугун коргоо жана саламаттыкты сактоону уюштуруу маселелери Кыргыз Республикасынын Конституциясынын беренелеринде  чагылдырылган.

47-берене

- Ар бир жаран өз ден соолугун коргоого укуктуу.

- Мамлекет ар бир адамды медициналык жактан тейлөө үчүн шарт түзөт жана саламаттыкты сактоонун мамлекеттик, муниципалдык жана жеке секторлорун өнүктүрүү боюнча чараларды көрөт.

- Акысыз медициналык тейлөө, ошондой эле жеңилдик шарттарындагы медициналык тейлөө мыйзамда каралган мамлекеттик кепилдиктердин чегинде жүзөгө ашырылат.

- Кызмат адамдары кишилердин өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунуч туудурган фактыларды жана жагдайларды жашырып койсо, мыйзамда көрсөтүлгөн жоопкерчиликке кириптер болот[2].

Бул укуктар Кыргыз Республикасынын “Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” мыйзамында да бекитилген. (Ушул Мыйзам мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жеке жана юридикалык жактардын аткарышы үчүн милдеттүү болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын саламаттыгын сактоонун укуктук, экономикалык жана социалдык негиздерин аныктайт).

72-берене. Бейтаптын укуктарыОңдоо

Бейтап медициналык жардам үчүн кайрылганда жана аны алууда төмөндөгүдөй укуктарга ээ:

- саламаттык сактоо уюмдарынан, ошондой эле жекече медициналык практика менен иш жүргүзгөн адамдан жеткиликтүү сапаттагы медициналык-санитардык жардам алуу;

- саламаттык сактоонун амбулатордук жана стационардык уюмдарында дарылоочу врачты тандап алуу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте саламаттык сактоо уюмдарынан жеңилдик берилген медициналык, дары-дармек, ортопедикалык жана башка кызматтарды алуу;

- медициналык жана тейлөөчү персонал тарабынан сый жана гумандуу мамиле;

- санитардык-гигиеналык талаптарга ылайык келген тартипте текшерилүүдөн, профилактикадан өтүү, дарылануу, медициналык реабилитациялануу жана күтүлүү;

- консилиум жана башка адистердин кеп-кеӊешин алуу;

- өзүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жана саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы белгилеген тартипте илимий жана медициналык эксперименттерге катышуу;

- өз укуктарын коргоо үчүн ага адвокаттын же башка мыйзамдуу өкүлдүн келиши;

- дин кызматчыларынын келиши, ал эми ооруканада - диний жөрөлгөлөрдү аткаруу үчүн шарттын камсыздалышы, анын ичинде, эгерде ал оорукананын ички тартибин бузбаса, өзүнчө бөлмө-жай алуу;

- диагностика, дарылоо процессине медициналык билим берүү уюмдарынын студенттеринин катышуусунан баш тартуу;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктар.

Бейтаптын укугу бузулган учурда ага медициналык жардам көрсөтүлүп жаткан тийиштүү кесиптик медициналык коомдук уюмдун түздөн-түз жетекчисине же саламаттык сактоо уюмунун башка кызмат адамына, болбосо сотко даттануу менен кайрыла алат.

73-берене. Ден соолугунун абалы жөнүндө бейтаптын маалымат алуу укугуОңдоо

Ар бир бейтап жүргүзүлгөн текшерилүүнүн натыйжалары, ооруга чалдыгуу, дарттын диагнозу жана алдын ала божомолдор, аны тобокелге салуу менен байланышкан дарылоонун усулу, медициналык кийлигишүүнүн ыктымал варианттары, анын кесепеттери жана өзүнүн ден соолугу, жүргүзүлгөн дарылоонун натыйжалары жөнүндө болгон маалыматтарды өзүнө түшүнүктүү болгондой формада алуу укугуна ээ.

Бейтаптын ден соолугунун абалы жөнүндө маалымат анын өзүнө берилет, ал эми 16 жашка чыга элек өспүрүмдөргө жана мыйзамда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп табылган бейтаптарга - алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө дарылоочу врач, саламаттык сактоо уюмунун бөлүм башчысы же жүргүзүлгөн текшерүүгө жана дарылоого түздөн-түз катышкан башка адистер тарабынан берилет. Бейтаптын талап кылуусу боюнча, эгерде анда үчүнчү жактын кызыкчылыгы камтылбаса, ага анын ден соолугунун абалы чагылдырылган медициналык документтердин көчүрмөсү берилет.

Ден соолугу жөнүндө маалымат бейтапка анын эркине каршы берилиши мүмкүн эмес. Оорунун күчөшүнүн терс божомолдору болгон учурда, эгерде пациент аларга бул жөнүндө билдирүүгө тыюу салбаса жана (же) ушундай маалымат берилүүгө тийиш болгон адамды дайындабаса, медициналык-этикалык ченемдерди сактоо менен маалымат пациентке жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө билдирилүүгө тийиш.

Бейтаптын медициналык документтеринде камтылган маалыматтар врачтык жашыруун сырды түзөт жана ушул мыйзамдын 89-беренесинде каралган негиздер боюнча гана бейтаптын макулдугусуз берилиши мүмкүн.

Бейтаптар медицина кызматкерлеринен такталган маалыматтарды алуу укугуна ээ:

- медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү жана тартиби жөнүндө;

- саламаттык сактоо уюмунун аккредиттөө аттестатынын болуусу жөнүндө;

- аны текшерүү жүргүзүүгө жана дарылоого катышкан медициналык персоналдын аты, фамилиясы, кызматы жана кесиби жөнүндө;

- эмгектенүү жана тамактануу режими, дене тарбиясы жана спорт менен машыгуу, анын дартына байланыштуу реабилитациялык иш-чаралар жөнүндө;

- дары-дармек каражаттарын кабыл алуунун тартиби, алардын мүмкүн болуучу терс таасирлери жөнүндө.

74-берене. Медициналык кийлигишүүгө макулдук берүүОңдоо

Медициналык кийлигишүүнүн керектүү алдын-алуучу шарты катары жарандын ыктыярдуу макулдугу саналат.

Жарандын ал-абалы өзүнүн эркин билдирүүгө мүмкүнчүлүк бербеген, ал эми өтө шашылыш жагдайдан улам медициналык кийлигишүү зарыл болгон учурда жарандын кызыкчылыгы үчүн аны жүргүзүү маселесин консилиум, ал эми консилиумду чогултууга мүмкүн болбогондо - саламаттык сактоо уюмунун кызмат адамына кийин кабарлоо менен түздөн-түз дарылоочу (кезметчи) врач чечет.

16 жашка чыга элек адамдарга жана мыйзам белгилеген тартипте аракетке жөндөмсүз деп табылган жарандарга карата медициналык кийлигишүүгө макулдукту ушул мыйзамдын 73-беренесинин биринчи бөлүгүндө каралган маалыматтар аларга билдирилгенден кийин алардын мыйзамдуу өкүлдөрү берет. Мыйзамдуу өкүлдөр жок болгондо медициналык кийлигишүү жөнүндө чечимди консилиум, ал эми консилиумду чогултууга мүмкүнчүлүк болбогондо - саламаттык сактоо уюмунун кызмат адамдарына жана мыйзамдуу өкүлдөрүнө кабарлоо менен түздөн-түз дарылоочу (кезметчи) врач кабыл алат.

Хирургиялык кийлигишүүгө, кан куюуга жана диагностиканын татаал инвазивдүү усулдарын колдонууга жарандын жазуу жүзүндөгү макулдугу зарыл.

Врачтар медициналык кийлигишүүнү эчак баштап калган жана ошол адамдын өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунуч келгендигине байланыштуу аны токтотууга же баш тартууга мүмкүн болбой калган учурдан тышкары берилген макулдук кайтарылып алынышы мүмкүн.

75-берене. Кызматкерлердин жумушу жана саламаттык сактоо уюмунун иши жөнүндө сунуш киргизүүгө бейтаптын укугуОңдоо

Бейтап оозеки же жазуу жүзүндө кызматкерлердин жумушун жана саламаттык сактоо уюмунун ишин өркүндөтүү жөнүндө сунуш киргизүү укугуна ээ.

Бейтаптардын сунуштары жана пикирлери саламаттык сактоо уюмунун администрациясы тарабынан талдоого алынат жана тийиштүү кызматкерлердин жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишине баа берүүдө эске алынат.

76-берене. Бейтапты багууга (кароого) укугуОңдоо

Бейтап интенсивдүү терапия бөлүмүндө жана реанимацияда жаткандыгын кошкондо, ооруп калган учурда, жаракат алып же мертингенде үй-бүлө мүчөлөрүнүн, ата-энесинин, жакын туугандарынын же ал жалдаган адамдын келип туруу жана багуу (кароо) укуктарына ээ[3].

Стационарда дарыланып жаткан бейтапты багуунун (кароонун) тартиби саламаттык сактоо уюмунун администрациясы тарабынан аныкталат.

Бейтаптардын милдеттериОңдоо

94-берене. Бейтап төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- өз ден соолугун сактоо жана чыңдоо үчүн чара көрүүгө;

- медициналык кызматкерлерге жана медициналык жардам көрсөтүүгө катышкан башка адамдарга сый мамиле кылууга;

- медициналык жардам көрсөтүп жаткан адамга өзүнүн ден соолугунун абалы жөнүндөгү, анын ичинде кайсы дары-дармек каражаттарын көтөрө албаганы, мурда ооруган жана укумдан тукумга өтүп келаткан оорулары жөнүндө маалымат берүүгө;

- медициналык буйрутмаларды аткарууга;

- бейтаптар үчүн түзүлгөн саламаттык сактоо уюмунун ички тартибинин эрежелерин сактоого жана саламаттык сактоо уюмунун мүлкүнө аяр мамиле жасоого.

ШилтемелерОңдоо

  1. https://studme.org/97792/etika_i_estetika/prava_patsienta
  2. Кыргыз Республикасынын конституциясы”. 2010-жылдын 27-июнунда Референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) кабыл алынды. (2017-жылдын 28-январында “Эркин Тоо” гезитинде жарыяланган. Издательство “Академия”
  3. http://cbd.minjust.gov.kg/ Кыргыз Республикасында «Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» мыйзамы