Бек – башкаруучу; орто кылымдагы түрк элдеринде жергиликтүү бийлик ээлерине берилүүчү титул. Бек мамлекеттеги эң жогорку титул ээси – кагандан (хандан) төмөн туруп, жергиликтүү бир дубандын же аймактын бийлигин өз колуна топтогон. Кокон хандыгына баш ийген кыргыздарда Бек өз вилаетинде хандын өкүлү болуп, хандын казынасына алык-салык чогултуу ишин көзөмөлдөгөн, хандын жергиликтүү өкүлү болуп, өз чегиндеги маселелерди чечип турган.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы. – Б.: 2004, ISBN 9967-14-011-9