Бекназар куудул, Бекназар Арзымат уулу (1881, Жалал-Абад облусу, Токтогул району, КЫзыл-Ураан айылы – 1953, ошол эле жерде) – эл куудулу, жамакчы.
Бекназар Куудул томаяктын үй-бүлөсүндө туулган. Атасы жокчулуктун айынан жалданып иштеш үчүн Арстанбапка жакын Кызылсуу кыштагына байыр алып калат. Жети жашында энесинен ажырап, өгөй эненин каарынан 9 жашында үйүнөн безип, Арстанбап мазарына келип, андагы шайыктарга кумганчы (дааратка суу даярдап бергич) болуп 7 жыл иштеген. Бул жерде ал кожо- молдолордун алдамчы экенине көзү жетип, аларды жек көрүү сезими пайда болгон. Алардын «Мусулманчылыктын азабы», «Мусаллага тойгондогу зикир», «Молдолор тооруганда», «Жума намаз эмне үчүн каза болду?», «Жалгыз көздүү жан алгыч» сыяктуу оозеки аңгемелери эл ичинде кеңири тараган. 30- жылдары Токтогул районундук театрында иштеген. Ал сагызган, чакчыгай, күкүк, карышкыр, мышык, теке, бука, ит (бөтөнчө күчүктөрдүн) ж. б-дын дабышын куду өзүндөй туурай алган. Бекназар Куудул Токтогул акындын шакирттеринин бири болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз тарыхы энциклопедия. Бишкек - 2003ж.