Бердике Сырдыбай улуу, Бердике баатыр, Бердике берен (18-кылымдын ортосу, азыркы Талас району, Бешташ капчыгайы - 18-кылымдын аягы, Анжиян шаары)- түндүк кыргыздарынын Жунгар хандыгына каршы күрөшүн уюштуруучулардын жана жетекчилердин бири.

Сырдыбай уулу Бердике
1740—1790
Тагай конфедерациясы
 
Уруусу: Саруу уруусу
Алакчын уругу
Атасы: Сырдыбай
Кесиби: Бий, Баатыр, Козголоңчу, Хан, Берен

Сырдыбай уулу Бердике 18-кылымдын башында төрөлгөн. Саруу уруусунун алакчын уругунан. Ал эрезеге жеткенде, жуңгарларга каршы согуштарга катышып, баатыр атала баштаган. Бердике баатыр 18-кылымдын ортосуна чейинки мезгилде Талас, Чүй, Нарын, Ысык-Көл аймактарын душмандардан бошотуу жүрүштөрүндө алдыңкы сапта болгон.

Кушчу, жетиген урууларынын башчысы Эр Солтоной, Итим баатыр, солто уруусунан Жайыл баатыр менен Кошой, саяктардын Эр Садыр, сарбагыштан Атаке баатыр ж. б. менен бирдикте кыргыз жергесин жунгарлардан бошотууда айрыкча таанылган. Санжырачылардын айтуусуна караганда Бердике баатыр жоого киргенде жайдак ат минип, кылыч чаап, айбалта соккон. Жогоруда аталган баатырлар менен Талас өрөөнүнөн, Чүйдөн, Кеминден баскынчыларды сүрүп, Ысык-Көлдүн тескейин бошотушкан.

Бердике баатыр үч жыл кол боюнда туруп, хан Бердике аталган. Ал устаты Эр Солтонойдун өлүмүнөн кийин аскер башчылыкты өзү колго алып, «Бердике берен» деген атакка ээ болгон. Кыргыз-жуңгар согушу бүткөндөн кийин, ал Көл кылаасын бир нече жыл өз алдынча башкарып турган.

Бердике берен андан кийин, кыргыз-кокон чатагына кийлигишүүнү чечип, түштүк тарапка аттанган. Бердике кийин Таласка келип кокон бийи Эрденеге каршы аттанган. Ал Анжиян шаарын кокондуктардан тартып алууга аракет жасап, ошондой салгылаштардын биринде окко учкан. Бердике баатырды Анжиянда Эрдене бийдин тынчылары ууланган жебе менен капысынан атып өлтүрүшкөн. Бердике баатырга байланышкан тарыхый эстеликтер Кыргызстандын бир канча жерлеринде сакталган.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • Кыргыз тарыхы энциклопедия. 2003-ж.