Бешбелчил арашанНарын облусунун Ат-Башы районундагы дарыланууга жарамдуу минералдуу булактары бар бальнеол. курортко ылайыктуу аймак. Нарын шаарынан 90 км, Атбашы кыштагынан 60 км түштүк-чыгыш тарапта. Атбашы кырка тоосунун түштүк-чыгыш капталындагы Арашан өзөнүнүн боюнда, деңиз деңгээли 3300 м бийиктикте. Булактар жергиликтүү элге илгертен белгилүү болсо да, алар жөнүндө алгачкы геологиялык маалымат 1920-ж. берилген. Суу девон мезгилинде пайда болгон акиташ тоотек катмарларынан чыгып, бири биринен 30 км аралыкта жайгашкан эки кайнар булактан турат. Дарылоочу негизги табигый фактору–көмүр кычкыл газдуу (СО2 – 0,44–1,3 г/л), гидрокарбонат-натрий-кальцийлүү суу (минералдануусу 3,5 г/л, темп-расы 20°С); суткалык дебити 436 м3. Сууну ичүүгө жана ичеги-карын, бөйрөк ооруларын дарылоого болот. Суусу дарылоо үчүн жана суусундук катары «Арашан» деген ат менен бөтөлкөгө куюлуп алынат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү